Ысык-Көлдө 11-январда мектеп менен бала бакчалар толук ишке кириши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСабак учурунда студенттердин портфельдери. Архив
Сабак учурунда студенттердин портфельдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук штабдын чечими эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды. Учурда бир катар райондордо кызыл зоналардын жабылганы белгиленди.
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. 11-январдан тарта мектептер менен бала бакчалардын эшигин толук кандуу ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун директору Кулушкан Тайлакова билдирди.
Ал Облустук штабдын чечими эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды экенин белгиледи.
"Учурда COVID-19 жуктургандардын саны азайды. Жети-Өгүз, Ананьево, Тоң райондук ооруканалардагы кызыл зоналар жабылды. Бирок буга карабастан бардык санитардык-гигиеналык эрежелерди сакташ керек. Мектептердин офлайн режимине өтүшү эпидкырдаалдан көз каранды", — деди ал.
Тайлакова жогорку окуу жайлар, колледждер жана орто кесиптик окуу жайлар Билим берүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги уруксат бергенден кийин гана ачыларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган аймакта 1, 5, 9, 11-класстын гана окуучулары мектепке барып-келип окуп жатышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0