Министр: калктын көбү коронавирус менен ооруп айыкты

© AP Photo / Vladimir VoroninСитуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшеналиевдин божомолунда, вирус жуктурган учурлардын азайышына аралыктан окуу, массалык иш-чараларга коюлган чектөө себеп болушу ыктымал.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, ноябрдын ортосунан баштап коронавирус жуктурган учурлардын саны төмөндөгөн.
"Калктын көбү коронавирус менен ооруп айыккандыктан, ооруган учурлардын саны аз катталып жатышы ыктымал. Муну ИФА-тесттердин жыйынтыгы тастыктоодо", — деди министр.
Коронавирус анализке алынган кан үлгүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир суткада коронавирус 124 кишиден табылды. Өлүм катталган жок
Бейшеналиевдин божомолунда, вирус жуктурган учурлардын азайышына аралыктан окуу, массалык иш-чараларга коюлган чектөө себеп болушу ыктымал.
Министр коронавирустан сактануу үчүн коргонуу эрежелерин аткарууну уланта берүүгө чакырып кеткен.
Белгилей кетсек, 5-январга карата өлкөдө 124 кишиден коронавирус табылып, жалпы жуктурган учурлардын саны 81 512ге жетти. Анын ичинен 76 955 бейтап ооруну жеңген. Бир сутка ичинде өлүм учуру катталган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0