УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Государственного Комитета Национальной Безопасности
Здание Государственного Комитета Национальной Безопасности  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМКнын нөөмөт кызматына же милицияга кабарлап коюу өтүнүчү айтылды.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаев суракка келбей койгондуктан издөө жарыяланды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча айыпталууда.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн бир нече ирет суракка жана башка тергөө иштерине чакырылган. Бирок ал суракка келбей жаткандыгына байланыштуу УКМК тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-берененсинин 2-бөлүмү ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМКнын нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабарлап коюу өтүнүчү айтылды. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Жаңылыктар түрмөгү
0