Коюу тумандан улам Бишкек менен Ошто авиакаттамдар кармалууда

© AFP / Koen van Weel / ANP Учак аэропортто туман учурунда. Архив
Учак аэропортто туман учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттон авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барып жаткандыктарын жана коопсуздук бардыгынан жогору турарын эскертишти.
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Аба ырайынын шартына байланыштуу 4-январь күнү аба каттамдар кечигип, кармалып жатат. Бул туурасында эл аралык "Манас" аэропортунан кабарлашты.
Алар эл аралык "Ош" аэропортунун аймагын саат 18:20дан бери коюу туман каптап турганын да билдиришти.
Тумандан улам төмөнкү авиакаттамдар абага көтөрүлө албай турат:
  • Бишкек — Ош — Бишкек "Тез жет" авиакомпаниясы
  • Ош — Бишкек "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясы
"Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барып жатышат. Түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Коопсуздук бардыгынан жогору турат", — деп айтылган маалыматта.
Аба майдандан каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 телефон номерлери менен тактап алууну айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0