Кербен — Ала-Бука жолу ачылып, жол тосуу фактысы реестрге катталды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековМитингчи нааразычылык акция учурунда. Архив
Митингчи нааразычылык акция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аксы райондук милициясынын өздүк курамы жол тосулган аймакта коомдук коопсуздукту толугу менен көзөмөлдөп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү айтылды.
БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Жалал-Абадда Кербен — Ала-Бука жолун 4-январда тоскон факты ошол эле күнү Аксы райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Милициядан мындан сырткары Ак-Дөбө айылынын 200дөн ашык тургундары тоскон жол ачылып, автокаттамдар жандангандыгын да билдиришти.
"Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 4-январь күнү Аксы РИИБдин КЖБРне (Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине – ред.) Жазык кодексинин 265-беренесинин ("Жолдорду мыйзамсыз тосуу") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган", — деп айтылган маалыматта.
Окуя боюнча Аксы райондук милициянын өздүк курамы жол тосулган аймакта толугу менен коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
"Азыркы учурда Аксы – Ала-Бука жолу ачылды. Каттам өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эске салсак, 7-октябрда Аксы районунун акимин кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган. Анда жергиликтүү тургун каза таап, дагы алты киши жаракат алган.
2-январь күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын алдына 300гө жакын адам нааразычылык акциясына чыккан.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында  митинг - Sputnik Кыргызстан
Уят, уят... Депутаттарды ЖК эшигинин алдынан митингчилер тосуп алды. Видео
Алар Кербен шаарында 7-октябрдагы башаламандыкта жаракат алып каза болгон Уланбек Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу тергөө абагына камакка алынган эки адамды үй камагына чыгарууну талап кылышкан.
Алар, мындан сырткары, Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиев менен райондук милициянын башчысы Шекербек Тангировдун кызматтан кетишин жана жоопкерчиликке тартылышын талап кылышкан.
Ал эми бүгүн кечке жуук Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Шекербек Таңгиров кызматынан алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0