Элдин шайлоо боюнча суроолоруна жооп берчү колл-борбор иштей баштады

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКолл-центрдин ишкери. Архив
Колл-центрдин ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы түзүлгөн колл-борбордо иштөөгө майыптыгы барлар, аялдар жана жаштар да тартылганы кошумчаланды.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясында колл-борбор иштей баштады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, президенттик шайлоо жана референдум боюнча консультация же суроолоруна жооп алуу үчүн кыргызстандыктар 1255 кыска номерине чалса болот.
"Колл-борбор жарандарга шайлоо процесси жана добуш берүүдөгү эрежелер тууралуу маалымат берүү максатында ачылды. Элдин шайлоо боюнча суроолоруна телефон аркылуу БШК кызматкерлери жооп берет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, колл-борбордо иштөөгө майыптыгы барлар, аялдар жана жаштар да тартылганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0