Президенттик шайлоо: коомдук тартипти 11 миңден ашуун милиционер көзөмөлдөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековГолосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке
Голосование на выборах седьмого созыва ЖК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-январдан баштап ИИМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Алар шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда президенттик шайлоонун маалында коомдук тартипти 11 миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн-жыйын өткөрүп, ага анын орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын өкүлдөрү, облустук жана шаардык милициянын жетекчилери катышты.
Министр шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана ар кандай тартип бузууларга өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чара көрүү керектиги боюнча тапшырмаларды берген. ИИМ кызматкерлери буларды аткарууга толугу менен даяр экени белгиленет.
8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт.
"Атайын иш пландарга ылайык, 11 миңден ашуун кызматкер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү 5000ден ашуун кызматкер шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. ИИМ БШК менен иш алып барууну улантууда", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, өлкө башчыны тандоо 10-январда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0