Тамакка уулануу: кандай учурда дарыгерге кайрылуу керек

© Фото / Pixabay / derneuemannАшказанын кармап турган адам. Архив
Ашказанын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гастроэнтеролог тамактар, өзгөчө, салаттар муздаткычта турганына карабай эң көп дегенде эки суткадан ашкан соң кооптуу болуп каларын айтат.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жаңы жылдан кийин эскирип калган тамак-аш жеп алып ууланып калгандар жок эмес. Диетолог, гастроэнтеролог Нурия Дианова тамакка уулануунун алгачкы белгилери кандай болорун жана кайсы учурда дарыгерге кайрылуу зарыл экенин Sputnik радиосуна айтып берди.
Адистин пикиринде, тамактар, өзгөчө, салаттар муздаткычта турганына карабай эң көп дегенде эки суткадан ашкан соң кооптуу болуп калат.
"Эгер бир аз гана алсырап, бирок көп өтпөй жакшы болуп кетсеңиз, анда иммунитетиңиз күчтүү. Ал эми көпкө чейин баш айланып, дене табы көтөрүлүп, ич өтүү, кусуу токтобой жатса, дарыгерге кайрылуу керек. Демек организмде зыяндуу заттар көбөйүп, иммунитетти жеңип бара жатат", — деди Дианова.
Ошондой эле адис уулангандан кийин бир нече күн адам өзүн-өзү тамак-аш жагынан чектөөсү керектигин айтты.
Мончодо эс алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер кышкысын мончого кантип туура түшүү керектигин түшүндүрдү
"Эгер инфекция ичти өткөрсө, минералдык суу, катыган нан, күрүч боткосун жесе болот. Ал эми өнөкөт панкреатит же холецистит илдеттери козголсо, тамактын көп түрүн токтотуп туруу зарыл. Жадагалса, жер-жемиштер, как, нан, шире дагы зыян алып келиши мүмкүн", — деди дарыгер.
Мындан тышкары адис, тамакка ууланган организмге укроп, ромашка кайнатмалары жардам берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0