Майрам күндөрү ашыкча салмактан кантип сактанса болот. Машыктыруучунун кеңеши

CC BY 2.0 / Igor Shatokhin / HolidayДасторкон. Архив
Дасторкон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис организмге тамак менен кирген май жана башка заттарды ошол замат жок кылбаса, топтоло берип, кийин алардан кутулуу оор болуп каларын эскертет.
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Чуркоо боюнча машыктыруучу Вера Соснова RT телеканалына маек куруп, майрам күндөрү ашыкча салмак жыйнап алуудан кантип сактанса болорун айтып берди.
"Мен акыл токтотуп иш кылууну сунуштайм. Эң негизгиси, адам карманышы керек. Түшүнүп турам, дасторкон толо даамдуу тамактар турса, андан баш тартып коюу оңой эмес. Андыктан каалаган нерсени жеп, бирок ошол калорийди жок кылуу үчүн кыймылдаганды унутпаш керек", — деди машыктыруучу.
Ал үчүн бир аз чуркап же жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасап коюу туура экени айтылат. Тагыраагы, адис организмге тамак менен кирген май жана башка заттарды ошол замат жок кылбаса топтоло берип, кийин алардан кутулуу оор болуп каларын эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0