Эстониядан Кыргызстанга көчүп келгениме өкүнбөйм. Чет өлкөлүк кыздын маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан
Бишкекте жашаган Эстониялык Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече жыл мурун Ребекка Хан Эстониядагы жакшы ишин таштап, бишкектик жигитине келген. Чет өлкөлүк кыз Sputnik Кыргызстанга Бишкекте кайсы нерселерге ичи жылып, эмнеден көңүлү калганын айтып берди.
Ребекка Кыргызстанга келишине себеп болгон жигити менен мамилесин үзгөнүн жашырбады. Бирок антсе да Кыргызстанда жашап калууну чечкен. Кийин ал Европада сатыла турган кийимдерди тигүү ишине киришкен.
— Эстониядан биздин өлкөгө кандайча келип калдыңыз?
— 2015-жылдын аягында кыргызстандык жигит менен таанышып калдым. Ал Таллинге жумуш боюнча келиптир, тез эле ынак болуп, мен аны сүйүп калдым. 2016-жылы ага мейманга келдим. Бишкек мурда кыдырган шаарларымдан кем калышпайт экен. Жергиликтүү тургундардын жөнөкөйлүгү жана ак көңүлдүгүнө суктандым. Анан да азык-түлүк арзан.
Канададагы англис тили мугалими Айдина Черикова  - Sputnik Кыргызстан
Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп
Үч аптага келгем, жанымда 11 түгөй бут кийим, дээрлик баары бийик такалуу эле. Жигитим мени ресторандарга алып барат деп ойлогом, бирок мага кроссовки эле жетиштүү болду. Анткени тоого эле чыга бердик. Айтмакчы, тоолор бул жакта керемет экен!
Ачыгын айтсам, Кыргызстанда ушунча көп убакыт жүрөм деп ойлобоптурмун. Жагдай түздөн-түз жигитиме жараша эле, белгилүү себептерден улам чет өлкөгө бирге кете албадык. Кийин мамилебиз үзүлдү, бирок Бишкекте дагы жашап тургум келди.
Европаны тынч кыдырып жүрө алгандан кийин бул жакта эмне кылып жүрөрүмдү көп сурашат. Постсоветтик өлкөлөрдүн жарандарынын көбү чет өлкөдө жашоо жакшы деген ойдо. Албетте, айрым учурларда ыңгайлуу, бирок жалпысынан кай жак болбосун, жашоо бирдей. Мен өз мекенимди сүйөм, бирок ал жакта да чоң калаадан чыкканда Кыргызстан же башка өлкөлөрдөгүдөй эле жакыр кыштактарды көрүп жүрөм.
© Sputnik / Табылды КадырбековБир нече жыл мурун Ребекка Хан Эстониядагы жакшы ишин таштап, бишкектик жигитине келген
Уроженка Эстонии живущая в Бишкеке Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Бир нече жыл мурун Ребекка Хан Эстониядагы жакшы ишин таштап, бишкектик жигитине келген
— Жер которгондон кийин кайсы нерсе сизди таң калтырды?
— Азиянын тургундарынан бир мүнөздү байкадым, бул жакта карыз алуу көнүмүш. Расмий түрдө катталган насыя жөнүндө айтканым жок. Айрым дүкөн же кафелерден карызга алып же тамак жеш кадыресе көрүнүш экен. Эстония же башка европалык өлкөлөрдө карыз берүү жана карыз алмай жок.
— Көңүлүңүздү калтырган көрүнүштөр болдубу?
— Жетекчилердин кол алдындагыларга жасаган мамилеси көңүл калтырды. Жеке өзүм андайлар менен иштешкен жокмун, бирок кызматы төмөн кишилерге оройлоно берүү кадыресе көрүнүш катары эсептелерин билем. Айрыкча мамлекеттик кызматта. Менин көп тааныштарым мамлекеттик структураларда эмгектенишет. Жетекчилери кандай мамиле кыларын укканда төбө чачым тик турат. Бизде андайга жол берилбейт. Мисалы, мен Эстония өкмөтүндө жана Таллиндин мэриясында иштегем. Биз жетекчилерибиз менен жай эле тамашалашып, кофе ичип же дем алыш күндөрүбүз кандай өткөнүн сүйлөшө алчубуз.
— Мурдагы жигитиңиз менен алака уланбаса да эмнеге Кыргызстанда калууну чечтиңиз?
— Ийгилик же бакыт сенин кайсы өлкөдө жашаганыңа жараша эмес. Эки башка кеткенибиз Кыргызстандагы жашоомо чекит койбойт. Бул жакта досторум, санаалаштарым бар, бизнес түптөй алдым. Сиздердин республика жашоо жана өнүгүү үчүн мыкты жер деп эсептейм.
Албетте, үйгө кетип кала алам, бирок кетким жок. Бишкек мага жагат. Кызыгы, баягы жигит Европага кетүүгө камынууда, мен, тескерисинче, Кыргызстанда жашоону пландап турам.
— Социалдык медиадагы баракчаңызда 50 килограммга арыктаганыңызды жазгансыз. Кантип эрк таба алдыңыз?
— Мурда 122 килограмм болчумун, 68ге чейин арыктадым. Бала кезимден салмак көйгөйүм бар эле, ошондуктан апам тамактануумду көзөмөлдөп, арыктоо боюнча кымбат программаларды сатып берчү. Бирок тамакка болгон "ашыктыгым" мени жеңип кетчү. Тамакты көп, бат-бат, анан да албетте, зыяндуу азыктарды жечүмүн. Анткен менен салмагымдан тартынчу эмесмин. Жигиттерге жакчумун, кыска юбкаларды кие алчумун...
Бишкектик жигит менен таанышканымда эмне болду билбейм, ал суктангыдай арыктоого шыктандым. Аз-аздан баштап, Таллинде жөө көп сейилдеп, рационду өзгөртүп, сууну көп иччү болдум. Арыктоонун купуя сыры деле жок, ийгиликке жетелеген – спорт жана азыктануу. Анан да бул бүтпөгөн сыноодо акылдан айнып кетпеш үчүн шыктандырган нерсе керек. Меники ушундай эле болду.
— Азиялык жигиттер менен европалыктардын кандай айырмачылыгы жана окшоштуктары бар?
Программалоо академиясынын директору Наргиза Жакыпова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурат! Берлиндин эң кооптуу районундагы жашоону көргөн кыргыз кыздын маеги
— 30-40 жаштагы жигиттердин көбү ата-энеси менен турушат. Кийин үйлөнүп, кайра эле ата-энелери менен жашай беришет. 17 жашымдан тарта өзүмчө жашап келгендиктен, муну укканда таң калгам. Ошондон бери апам менен атамдан бир тыйын да алган эмесмин, батир жана саякатыма өзүм төлөп келем.
Европалык жигиттер кафеде аял кишиге төлөп бербейт, ал эми батирди тең бөлүп төлөшөт деген пикир жашайт экен. Балким андай да болор, бирок бул мыйзам ченемдүүлүк эмес. Этикет эрежеси бардык өлкөлөрдө бирдей: ким чакырса, ошол төлөйт. Кээде өзүм үчүн өзүм төлөөгө кубанмакмын, бирок европалык досторум ага жол беришпейт. Кыргызстандык досторум да ушундай.
Айырмасы, чет өлкөлүк эркектер тышкы көрүнүшкө чоң маани беришпейт, алардын сулуулук жаатында ашкере талабы жок. Ал эми азиялык жигиттер кыздарга комплименттерди жаадырып, укмуш карап, жагынышат. Бирок таптакыр кыжырымды кайнатканы – сигнал берип, ышкырып же артыңдан бир нерсе деп кыйкырып калгандары. Башта таанышым го деп бурулуп карачумун. Кийин бул жөн гана кызга кызыгуусун көрсөтүү ыкмасы экенин түшүндүм.
© Sputnik / Табылды КадырбековРебекка Кыргызстанга келишине себеп болгон жигити менен мамилесин үзсө дагы Кыргызстанда жашап калууну чечкен
Уроженка Эстонии живущая в Бишкеке Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Ребекка Кыргызстанга келишине себеп болгон жигити менен мамилесин үзсө дагы Кыргызстанда жашап калууну чечкен
— Азиялык аялдар боюнча эмне айта аласыз, европалыктардан айырмасы кандай?
— Жергиликтүү кыздар сабырдуулугу жана өжөрлүгү менен өзгөчөлөнүшөт. Алар деле жигиттер сымал ата-энелери менен жашоону ылайык көрүшөт. Турмушка чыкканда кайын журту менен бирге турушат.
Жашы өйдөлөп калган аялдар башка адамдардын жеке мейкиндигин буза аларын ойлошот. Толугураак кезимде тамактанып жатып эле бир таанышым арыкташым керектигин, антпесе төрөш кыйын болуп каларын айтып салбаспы... Европада андай болбойт. Ал жакта эч ким сенин сырткы кемчилигиңди көзгө сайып көрсөтүшпөйт, сурабаган соң кеңештерин айтышпайт.
© Sputnik / Табылды КадырбековРебекка Европада сатыла турган кийимдерди тигүү ишине киришти
Уроженка Эстонии живущая в Бишкеке Ребекка Хан - Sputnik Кыргызстан
Ребекка Европада сатыла турган кийимдерди тигүү ишине киришти
— Көпчүлүк кыргызстандыктар жакшы иш табыш кыйын экенин айтып наалышат. Бир нече жылдан бери Бишкектесиз, укканыма караганда дегеле бош жүрбөпсүз. Чет элдик кызга Бишкекте ишке орношуу татаал эмеспи?
— Буга чейин мурда топтогон каражатыма жашап жүрдүм. Акчам түгөнгөн кезде жарым күнгө жетпей жумуш таап алдым. Ири компанияга башкы директордун жардамчысы болуп кирдим, иш жүзүндө универсалдуу офис-менеджер элем. Бир ай мурун жетекчи алмашкандыктан жумуштан кеттим.
Азыр бизнеске кириштим, Европа үчүн спорттук кийимдерди тиге баштадык. Эстонияда аз чыгым кеткени менен костюмду Бишкектен тигип жөнөткөндөн кымбатка түшөт. Андан сырткары, курбум менен биргеликте шуба жана корей косметикасын европалык рынок үчүн сата баштадык. Айтор, Кыргызстан — бул мен үчүн арзан баалардын, боорукер адамдардын жана чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Бул жакта жакшы жашоо үчүн бардыгы бар. Көпчүлүк муну түшүнүү үчүн бөлөк мамлекетте жашап келүүсү керек өңдөнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0