Кайсы аймак аяздуу болот? Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Чин-Мо-Цай / Медиабанкка өтүүДарактын бутактары мөңгүлөр менен илинген. Архив
Дарактын бутактары мөңгүлөр менен илинген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан боюнча 3-январда эң жылуу аба ырайы Жалал-Абад менен Ош аймагында катталса, ал эми эң суук температура Нарын менен Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында болуп, -30 градуска чейин жетери айтылды.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызстан боюнча эртең күн негизинен ачык болуп, кар жаабай тургандыгын синоптиктер кабарлады. Анткен менен кээ бир аймактарды туман каптайт.
Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -11…-16, күндүз -2…-7, Талас аймагында түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 градус болот. Туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары термометр түнкүсүн -6…-11ди, ал эми күндүз -1…+4 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градустун тегерегинде болот.
Ал эми Нарында түнү суук катуу болуп, -20…-25 градуска жетет. Күндүз салыштырмалуу аяздын каары азайып, термометр -6…-11 градусту көрсөтөт.
Директор ОАО Кыргызский энергетический расчетный центр Талайбек Байгазиев - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Адис: бул кышта жарык өчпөйт, бирок кийинки жыл катаал болушу мүмкүн
Ордо калаа Бишкекте түнкүсүн -13…-15, күндүзү -5…-7, Ош шаарында түнкүсүн -8…-10, күндүз +2…+4 градус болот.
Синоптиктер бардык аймактарда жолдор тоңуп, тайгалак болорун эскертишти.
Эртең эң жылуу аба ырайы Жалал-Абад менен Ош аймагында (+4 градус), ал эми эң суук температура Нарын менен Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында катталып, тагыраагы, -30 градуска чейин жетери айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0