Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив
Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды зордуктагандар тууралуу ачык маалымат берүү керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Казакстандын тажрыйбасын колдонуу менен Кыргызстанда педофилдер боюнча маалыматтар камтылган картаны түзүү сунушун киргизди.
Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Эльвира Сурабалдиева (@elvirasurab)

Сурабалдиева мектепте балдарга чоочун адамдардын автоунаасына отурбоо, алар менен сүйлөшпөө жана ынандырууга жол бербөө сыяктуу жөнөкөй эрежелерди үйрөтүү керек деп эсептейт. Аткаминер айым педофилдер ким экендигин чоңдор деле билбей калган учурлар бар экенин белгилеген.
Вице-премьер өспүрүмдөр үчүн интернеттеги порнографияны чектөө керектигин да айткан. Ал ата-энелер балдарынын смартфонун акыркы жолу качан текшергенине дагы кызыкты.
"Казакстанда педофилдер жөнүндө маалыматтар камтылган өлкөнүн картасы иштелип чыкты. Анда жашы жете элек кыздарды зордуктагандардын сүрөттөрү менен бирге маалыматтары жарыяланды. Бизге ушундай карта керек. Баарын жарыялоого убакыт келди. Баарыбыз 13 жаштагы кызды бир нече эркек киши зордуктап салганын көрдүк, бирок айылдаштары аларды актап, баарына кыздарды жана ата-энелерин күнөөлөштү", — деп жазган вице-премьер-министр.
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева мектептерге жыныстык маданият программасын киргизүүнү сунуштады
Ал социалдык тармактын колдонуучуларынан өзү киргизип жаткан сунуш боюнча кандай ойдо экенин сурады. Ошол эле учурда маалыматтар коомчулукка жарыяланып кетсе педофилдердин туугандарын жактагандар чыгышы мүмкүн экендигин четке каккан жок.
Анын билдирүүсүнө пикир жазгандар вице-премьердин сунушун колдошту.
Жаңылыктар түрмөгү
0