Канададагы англис тили мугалими Айдина: кымбат кийинип дүкөндүн алдын шыпыргандар көп

© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойКанададагы англис тили мугалими Айдина Черикова
Канададагы англис тили мугалими Айдина Черикова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдина Черикова кыргызстандыктар үчүн кадыресе туюлган "качан турмушка чыгасың?" же "канча табасың?" деген өңдүү суроолор канадалыктардын кыжырын кайнатпай койбойт дейт. "Аталган өлкөдө жеке мейкиндикке кийлигишүү чекилик" деп түшүндүрөт маектешибиз.
Англис тили мугалими Айдина Черикова эки жылдан бери Канада жергесинде турат. Жолдошу менен бирге ал жакка көчкөнүнө эки жылдын жүзү болду. Айдина алыскы өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнөн айтып берди.
— Канада туурасындагы блогдордон кыймылсыз мүлктүн кымбаттыгына нааразы болгондорду көп окуп калам.
— Туура, баалар асман чапчыйт. Коронавирустан улам бир аз ооздукталгансыды. Дегеле Канададагы турмуштун чоң кемчилиги ушул. Батир ижаралап же ипотекага алышса да кымбат кыймылсыз мүлктү күтүү үчүн жубайлар экөө тең иштөөгө тийиш.
Биз турган калаада бир бөлмөлүү батирдин бир айлык ижарасы болжол менен 1 600-1 700 канадалык долларды (104 миң сом же 1200 АКШ доллары — ред.) түзөт. Эки бөлмөлүү батирди 1 800-2 000 долларга ижаралайсың.
— Оу, ал жакта турак жай сатып алуу мүмкүн эмес го!?
— Жок, эгер жубайлар экөө тең иштесе, сатып алууга болот. Кызыгы, Кыргызстанда батир сатып алуу кыйыныраак, ал үчүн ата-энең бардар же чоң бизнесиң болушу керек. Ал эми Канадада тааныштарымдан көрүп-билип жүргөндөй бир нече жылга ипотекага алуу үчүн "укмуштай" жумушта иштөө деле зарыл эмес, кадыресе жерде иштеп да конуштуу боло аласың. Канадада байлардын эле эмес, орто класстагылардын деле турак жай сатып алууга мүмкүнчүлүгү болот.
Дагы бир учурду белгилөө керек: эгер жаңы эле көчүп келсеңиз, батирге бир жылга алдын ала төлөө шарт. Бул мыйзамсыз деп калышат, бирок бир батирге 20 ижарачы чыгат. Алардын ичинен бирөө 12 айга төлөөгө даяр болсо, албетте, ага берип коюшат.
© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойАнглис тили мугалими Айдина Черикова эки жылдан бери Канада жергесинде турат.
Преподаватель английского языка Айдина Черикова - Sputnik Кыргызстан
Англис тили мугалими Айдина Черикова эки жылдан бери Канада жергесинде турат.
— Дароо 20 миң доллардын тегерегиндеги сумманы төлөш керек турбайбы!
— Кээде андан да көп. Бишкекте мындай акчага бир батир сатып алууга болот.
— Анда ал жакта негизи канча табышат?
— Айтыш кыйын. Биз жашаган шаарда эң аз дегенде саатына 14 канада доллары (907 сом же 11 АКШ доллары — ред.). Орточо эмгек акы мындан эки эсе жогору. Айына 5 миң канада долларынын тегерегинде (324 миң сом же 3 800 АКШ доллары — ред.), бирок бардык салыктар төлөнгөндөн кийин колуңда 3 миңдин айланасындагы сумма калат.
— Канада тууралуу окуганымда бир нерсеге таң калгам. Бүгүн коңшуң сага жылмаят, ал эми эртең сенин корооңдо газон түзүк тегизделбегени үчүн тийиштүү жактарга даттанып, сен айып төлөп калышың ыктымал экен.
— Кандай айып пулдар бар экенин билип алуу абзел. Мисалы, жер тамда жашасаң, короодогу карды күрөп же жалбырактарды шыпырып туруу — сенин милдетиң. Чарчап турсаң да муну аткарбай кое албайсың. Бул баарына тиешелүү. Мисалы, мен иштеген көчө Chanel, Tiffany өңдүү укмуш дүкөндөргө толо. Абдан кымбат кийинген, бриллиант тагынган айымдар чыгып дүкөндүн алдын шыпырып жүргөнүн көрүүгө болот.
Программалоо академиясынын директору Наргиза Жакыпова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үрөй учурат! Берлиндин эң кооптуу районундагы жашоону көргөн кыргыз кыздын маеги
— Анан да ал жакта адамдардын тынчтыгын бузбоо үчүн жашоонун катаал эрежелери бар экен.
— Саат 10 же 11ден кийин тынч болуу (ызы-чуу кылбаш) керек, ар кай жакта ар кандай. Айрым кондоминиумдарда тамеки чегүүгө, үй айбанаттарын кармоого тыюу салынат. Бирок антсе деле адамдар ал эрежени сактабай, тамекиден башкасын деле чегишет. Буга даттанууга акың бар, бирок коңшуңа келип: "Бул жакта тамеки чегүүгө болбойт" дебейсиң. Консьержге телефон чалып билдиресиң, ал бул жорукту камерага тартууну өтүнөт.
— Алгач барганда маданий дендароого кабылдыңызбы?
— Мени таң калтырганы гей-парад эле болгон. Жолдошум экөөбүз жаңыдан Канадага келген кезибиз. Булгары чолок шым, чыптама жана каргы тагып алган, башка кийими жок эки гейди көрдүм. Болгондо да улгайып эле калган кишилер. Жолдошум экөөбүз ыңгайсыз боло түшкөнбүз, азыр кадимкидей эле кабыл алам.
Кейиштүү жагы: бул жакта үй-жайсыз жана акылынан жабыркагандар көп. Агрессивдүү көрүнгөндөрү менен адамдарга атырылбайт.
— Блогерлер бул туурасында көп айтышчу. Дайым сылык жана социалдык жактан үлгүлүү болуу шарт болгондуктан адамдар мындай жүктү көтөрө албай кетишет имиш.
— Балким ушундай түшүндүрүү туура болор. Жергиликтүүлөр буга көнүп калгандай. Бирок светофордун кнопкасы менен сүйлөшүп же коронавирусту башкаларга жуктуруп жаткандай атайылап катуу жөтөлгөндөрдү көргөндө дагы деле жаман боло берем.
© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойАйдина Черикова: Канадада батир ижаралап же ипотекага алышса да кымбат кыймылсыз мүлктү күтүү үчүн жубайлар экөө тең иштөөгө тийиш
Преподаватель английского языка Айдина Черикова - Sputnik Кыргызстан
Айдина Черикова: Канадада батир ижаралап же ипотекага алышса да кымбат кыймылсыз мүлктү күтүү үчүн жубайлар экөө тең иштөөгө тийиш
— Канадалыктардын кыжырына тийбеш үчүн өзүңдү кандай алып жүрүшүң керек?
— Алар жеке жашоого келгенде өтө кылдат калк. Кыргызстандагыдай: "качан турмушка чыгасың? Бала качан? Канча айлык аласың?" – деп суроого болбойт. Алар бир көз карашы менен эле бул жосунсуз иш экенин билдиришет. Саясат тууралуу да сүйлөө жакшы кабылданбайт. КМШ өлкөлөрүндөгүдөй кыйкырып же сөгүнүүгө болбойт, антсең маданиятсыз адам катары же акылынан айныган кишидей көрүшөт.
— Айтмакчы, Кыргызстанда 30 жаштагылар турмушту көрүп калгандар эмеспи, ал эми ал жакта өспүрүмдөй эле болсо керек.
— Ооба, Канадада 30 жаштагы кызга кадам сайын тезинен төрөш керек деп айтышпайт. Адамдар кечирээк жетилгендей таасир калтырат. Алар кеч үйлөнүшөт, бирок көп учурда канадалыктар үлпөт тойдон таптакыр баш тартышат. Балалуу болуп туруп деле үйлөнбөй жүргөндөр бар. Канадада 30га чыгуу – бул али жаш эле курак. 26 жашымда турмушка чыкканымды угушканда, эмнеге мынча эрте деп айран-таң калышат. Бул жакта тун перзентиңди 35 же 40ка чыгып төрөсөң деле кадыресе кабылданат. Менимче, Канададагы 30 жаш — бул болжол менен Кыргызстандагы 20дагыдай эле курак.
— Биздин кыздар көбүнчө чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууну самашат, бул кадам бардык көйгөйлөрүн чечип коет деп ойлошот. Мындай пикирдин чындыгы канчалык?
— Кандай максат койгондоруна жараша. Эгер журналдын мукабасындагыдай келбеттүү жигитке турмушка чыгууну кааласаң, андайлар толтура. Бирок абайлаш керек, анткени гей же өзүнөн башканы ойлобогон киши болуп чыгышы ыктымал.
Бизнесмен Зафарбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны
Эгер Кыргызстанда эркектер аздыр-көптүр үй-бүлөнү ойлосо, Канадада киши качан болбосун келип: "Кечир, мен өзүмдүн психоаналитигим менен сүйлөштүм, азырынча үй-бүлө күтүүгө (же сенден башка аялдар менен катнашта болбоого) даяр эмес экенмин", – деп коюшу мүмкүн. Баары бир ар башка маданияттанбыз. Акча тууралуу айтсам, бул жакта маяна жогору, бирок жашоо да кымбат. Телегейиң тегиз болушу үчүн жубайлардын экөө тең иштөөгө тийиш.
— Кыргызстанда сулуулук жаатында иштепсиз. Билишимче, Канадада биздегидей кирпик чаптоо же тырмак өстүрүү кызык көрүнүш катары саналат.
— Бул жакта сулуулук тармагы Бишкектеги 90-жылдардагыдай деңгээлде калган, андыктан бул жагынан биз бүтүндөй планетада алдыдабыз. Канадада ишин жакшы билген сулуулук чеберин табуу үчүн бүтүндөй иликтөө жүргүзүп, дем алыш күнүңдү коротосуң. Мисалы, болбогон маникюрга кеминде эле 50-60 доллар алышат! КМШдан келген кыздар гана жакшы жасарын көрдүм. Канадада Россия, Украинадан келгендер бул жагынан жакшы тейлешет.
Жергиликтүү модадан кеп салсак, канадалыктар чындап эле нукуралыкты тандашат. Канадалык окуучума кыргызстандык модель кыздын сүрөтүн көрсөтсөм өтө жасалма деп баалады. Табиттеги айырма ушундай. Бирок бул жакта ар кыл өлкөлөрдөн келгендер көп, андыктан сулуу кыз байкалбай калбайт.
© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойАйдина Черикова: жер тамда жашасаң, короодогу карды күрөп же жалбырактарды шыпырып туруу — сенин милдетиң. Чарчап турсаң да муну аткарбай кое албайсың
Преподаватель английского языка Айдина Черикова - Sputnik Кыргызстан
Айдина Черикова: жер тамда жашасаң, короодогу карды күрөп же жалбырактарды шыпырып туруу — сенин милдетиң. Чарчап турсаң да муну аткарбай кое албайсың
— Бишкекке караганда кийим алда канча арзан жана сапаттуу дешет.
— Ооба, Кыргызстанга караганда бул жакта кийим кыйла арзан. Эгер арзандатуу акцияларынан кабар алып турсаң, люкс тибиндеги кийимдерди бир нече эсе арзан сатып алууга болот. Тилекке каршы, коронавирустун айынан айрыкча люкс дүкөндөр көп жабылды. Биздин жумуштун жанындагы оголе кымбат делген дүкөн жабылар күнү бардык товарларын 5 доллардан карматты.
— Тамак-аш жагы кандай?
— Азык-түлүк кымбат. Жаңыдан келип, иштей элек кезимде ушунчалык йогурт жегим келди десеңиз, сатып алайын десем 7 доллар экен, ал убактагы курс менен Бишкекте 400 сом эле. Анан жебей эле коеюнчу дегем.
— Канадага аттанарда Кыргызстандан эмнени запастап алдыңыздар?
— Дары-дармекти. Жөнөкөй эле цитрамондун аналогу бир нече эсе кымбат турат. Канадада дары алыш өзүнчө эле машакат. Дарыгер кагаз жазып бергенче күтөсүң, анан аптека менен байланышат... Чынын айтайын, бир жолу оорудан өлүп кала жаздагам.
— Бирок Канадада медицина акысыз эмеспи.
— Ооба. Эгер иштеген компанияң сенин жана жакындарыңдын тишин дарылоо жана массажын да төлөп бергидей толук камсыздандыра алгыдай ири ишкана болбосо, тиш дарылатууга гана акча бересиң, аз да сумма эмес. Калганы бүт, ал түгүл операциялар да акысыз.
Основатель школы программирования Санжар Маматов - Sputnik Кыргызстан
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги
— Коронавирус пандемиясынан улам жагдай кандай? Сиздерге терс таасир эткен жокпу?
— Оору жуктургандардын саны өсүп, жаңы карантин кирип калчудай болду. Бирок буга биздегидей жөнөкөй эл эмес, мамлекет көбүрөөк баш оорутат. Бийлик карантиндин айынан жумушсуз калгандарга каржылык жардам көрсөттү. Бизнестин көп түрлөрү жабылды. Бирок мамлекет алардын ижарасын 90 пайызга чейин же кирешесинин 75 пайызын төлөп бере алмак. Колдоо сезилип турат. Анан, албетте, оорукананын керебеттери же Тез жардам автоунаалары жетпей калып, үрөй учурган көрүнүштөр болгон жок. Дары-дармекти да эч ким кымбат баада кайра саткан жок.
— Адамдар өздөрү карантин эрежелерин сакташабы?
— Бизде жаз аягында жарыяланып, жайдын башына чейин уланды. Метро менен азык-түлүк дүкөндөрүнөн бөлөк бардык жер жабылган. Азыр эл көп жайларга кире бериште бет кап тагынуу милдеттүү, бирок мунун кыйынчылыгы деле жок деп ойлойм.
© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойАйдина Черикова: мен жолдуу экенмин, адистигим боюнча дароо жумуш таап, англис тилинен сабак берем. Көчүп келгендердин 90 пайызы ортодо башка иштерде, айталы, официант же кассир болуп иштеп турууга аргасыз
Преподаватель английского языка Айдина Черикова - Sputnik Кыргызстан
Айдина Черикова: мен жолдуу экенмин, адистигим боюнча дароо жумуш таап, англис тилинен сабак берем. Көчүп келгендердин 90 пайызы ортодо башка иштерде, айталы, официант же кассир болуп иштеп турууга аргасыз
— Канадалыктар Кыргызстандагы октябрь окуяларын кандай кабыл алышты? Дегеле кабарлары болдубу же саясатка кызыгышпайбы?
— Кабары жок, бирок окуучуларым менен бул боюнча сүйлөштүк. Мен улууларга сабак берем, көпчүлүгү саясатка кызыгат. Барып эле революция жасап жиберүүгө болоруна таң калышты. Кыргызстандыктардын эркине суктанышты. Мисалы, бир студентим канадалык бийликке каршы экен. Кыргызстандагы окуяларды угуп: "Эмнеге биз анте албайбыз? Эмнеге чыдап жүрөбүз?" – деп калды. Болгону эмне кыйынчылыгы бар экенин түшүнгөнүм жок. Кандай болгон учурда да бейтараптуу болууга тырышам.
Канадада кыргызстандык тааныштарым аз, бирок алардын бул окуяларга карата пикирлери башка. Кыргызстандан жер которуп кеткени туура болгонуна дагы бир ирет ынанышты.
— Адатта бөлөк өлкөгө мекенинде иши жүрүшпөй жаткандар кетишет. Сиздин Бишкекте эки салонуңуз иштеп, жалпысынан баары жакшы эле болчу экен.
— Сулуулук салондору дегенге болбойт, бирок чындап эле эки маникюр жасоочу салонду иштетчүмун. Көңүлүмдөгү жумуш эмес экенин түшүндүм. Бул тармакта өйдө-ылдый учурлар, "жымжырттык" маал деген да болот, туруктуулукту тандадым.
Канадага кетүүнү 28 жашымда чечтим. Жашыраак кезиңде, балалуу боло электе кетиш керек болду. Документтеримди, тесттердин баарын тапшырдым. Программа боюнча өтөрүм анык болуп калганда салондорумду саттым.
Саякатчылар алыскы сапарга унаасын камдай турган жабдыктарды сатуучу дүкөндүн ээси Азамат Сулайманов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Француздардын алдында өлбөгөн төрт шыйрагым калган. Кыргызстандык ишкердин баяны
— Тест, документ тапшыруу татаал болгон жокпу? Негизи буга көп каражат кетеби?
— Андан бери эки жыл өттү, эрежелердин көбү өзгөрдү. Медициналык тесттер кымбат экен, 300 доллардай сарптагам. Эмнегедир татуировка же кашыма татуаж жасатып-жасатпаганымды да сурашкан.
Документ тапшырууга ар бир кишиге 500 доллар, ушундай эле сумма паспорт тапшырууга да кеткен. Англис тилинен экзамен тапшырууга 200 доллар, бирок биринчи эле жолкудан баары эле өтө албайт. Бирөө 20 ирет тапшырган экен, ушундай учурлар да бар. Мен экинчисинде өттүм.
— Канада жөнүндө биздин балдардын блогдорун окугам. Адегенде тейлөө тармагында иштешет экен.
— Мен жолдуу экенмин, адистигим боюнча дароо жумуш таап, англис тилинен сабак берем. Көчүп келгендердин 90 пайызы ортодо башка иштерде, айталы, официант же кассир болуп иштеп турууга аргасыз.
Башта өзүм деле Starbucks (кофеканалардын түйүнү — ред.) жайларында иштеп турам дегем. Канадада англис тилинен чет тил катары сабак бере аларымды тастыктоочу сертификациядан өтүп, 15 мектепке резюме жөнөттүм. Эки-үч күн өтпөй мени аңгемелешүүгө чакырышкан. Адатта мындай аңгемелешүүгө дароо чакыргандары чанда, адегенде Skype аркылуу бир нече баскычтан өтүүгө туура келет. "Кыргызстандык өксүк" менен көп деле үмүттөнбөй барган элем. Бирок мени дароо ишке алышты.
© Фото / из личного архива Айдины ЧериковойАйдина Черикова: Канадага кетүүнү 28 жашымда чечтим. Жашыраак кезиңде, балалуу боло электе кетиш керек болду. Программа боюнча өтөрүм анык болуп калганда салондорумду саттым
Преподаватель английского языка Айдина Черикова - Sputnik Кыргызстан
Айдина Черикова: Канадага кетүүнү 28 жашымда чечтим. Жашыраак кезиңде, балалуу боло электе кетиш керек болду. Программа боюнча өтөрүм анык болуп калганда салондорумду саттым
— Миграция баскычында катуу тандоо болгон соң чет өлкөлүктөргө англис тилин үйрөтүүнүн эмне кереги бар?
— Мен тапшырган программа боюнча жогорку балл алуу зарыл эле, болбосо башка түрлөрү деле бар. Канаданын чакан провинцияларында тил боюнча талап төмөнүрөөк. Анан да мамлекет жумушчу визаларын берет. Мисалы, менин 65 жаштагы португалиялык студентим бар. Канадада жашаганына көп жыл болгонуна карабай, ошончо убакыт мекендештери менен бирге курулуштарда иштеп жүрө берип, англис тилин үйрөнгөн эмес.
— Кыргызстанга кайтуу жөнүндө ойлор келбейби?
— Жок. Канадада карантин маалында санаа басты, бирок баары бир калгым келди. Балким, бул текеберликтей кабылданар, бирок бул жакта умтулчу нерсе көп, Канадада көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эгер дивандан туруп жалкоолонбосом, максатыма жетерим анык. Кыргызстанда андай сезимдер жок эле.
— Менимче, көптөгөн жөндөмдүү жаштар дал ошол себептен Кыргызстандан кетүүдө, себеби баарын байланыш же акча чечет.
— Ооба, мекенибизде чындап эле өң-таанышсыз иш кылуу кыйын. Албетте, жакшы иш табууга, ийгилик жаратууга болот, бирок андай учурлар сейрек. Ал эми бул жакта карапайым балдардын бийиктиктерди багынтканы боюнча мисалдар толтура. Элестетиңиз, өзүм деле англис тилдүү өлкөгө англис тилинен мугалим болуп ишке кирдим. Бул адамга канат байлай турган керемет көрүнүш эмеспи.
Жаңылыктар түрмөгү
0