Трамп грин-карта, виза берүүгө тыюу салган чечимин узартты. Мөөнөтү да айтылды

© AFP / CHRIS DELMASЧет элдик паспорттогу виза мөөрү. Архив
Чет элдик паспорттогу виза мөөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка президенти бул кадамын пандемия кесепетинен кийинки экономикалык кыйынчылыкта америкалыктардын жумуш орундарын сактап калуу аракети деп түшүндүргөн.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп бир катар категориядагы визалар менен грин-картанын көбүн берүүгө мурда салынган тыюунун мөөнөтүн дагы узартты. Бул туурасында Fox News кабарлады.
Виза боюнча чектөөлөр апрелде коюлган. Жаңы чечим боюнча, эми ал 2021-жылдын 31-мартына чейин узартылды. Тагыраагы, кеп иммиграциялык жана жумуш визаларын токтотуу туурасында жүрүп жатат. Алар H-1B, H-2B, H-4, L жана J тибиндеги визалар.
Трамп мындай кадамын пандемия кесепетинен кийинки экономикалык кыйынчылыкта америкалыктардын жумуш орундарын сактап калуу аракети катары айткан.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ жылдын аягына чейин виза менен грин-кард берүүнү токтотот
Трамптын буйругу виза лотореясын өткөрүүгө тыюу салган. Документте грин-картанын көпчүлүк бөлүгүн берүүгө убактылуу чектөө коюлганы жазылган.
Өткөн жылдын 31-январында АКШ жетекчилиги Кыргызстан, Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания жарандарына иммиграциялык виза менен грин-карт (Diversity Visa) берүүгө тыюу салган. Аны "өлкөнүн коопсуздугун жана бакубат жашоосун коргоо максатында" деп түшүндүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0