Нарколог көп ичкен адам кантип баш жазышы керектигин айтты

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүВстреча Нового 2010 года в России
Встреча Нового 2010 года в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичимдик ичкендин эртеси биринчи кезекте организмдеги суунун запасын толтуруу маанилүү экенин айтат адис.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Нарколог Алексей Казанцев Россиянын Бешинчи каналына берген маегинде көп ичимдик ичкендин эртеси организмдеги гармония менен балансты калыбына келтирүү үчүн кеңештерди айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, биринчи кезекте организмдеги суунун запасын толтуруу маанилүү. Бул үчүн ысык жана муздак сууну алмак-салмак куюнуп, жуунуп чыгуу сунушталат.
"Ичкен адам эртең менен ичимдик жыттанып калат, канды тазалоо үчүн сөзсүз түрдө минералдык суу ичиш керек. Ошондой эле өзүнө келиши үчүн курамында белогу көп азыктарды жесе батыраак жеңилдейт. Анча куурулбаган омлет өтө жакшы тамак болуп берет. Ал ашказанында көйгөйү барлар үчүн да пайдалуу", — деди Казанцев.
Кальян чегүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онколог кальян менен электрондук чылымдын зыянын айтып берди
Мындан сырткары, нарколог ичкендин эртеси организмдеги жетишсиз витаминдерди алууга кеңеш берди. Алар калий, магний же янтарь жана лимон кычкылтегин камтыган препараттар болушу мүмкүн.
Ал эми кофе менен сүттү ичүү такыр болбой турганын айтат, өзгөчө ашказан-ичеги оорулары менен жабыркагандар булардан оолак болгону оң. Ошону менен катар көп кыймылдабай турууну сунуштайт. Анын ордуна таза абада жай басуу дурус.
Жаңылыктар түрмөгү
0