Бишкекте коронавируска чалдыккандарды жаткырганга 500дөн ашык орун бар

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүРабота ковид-госпиталя в Белгородской области
Работа ковид-госпиталя в Белгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында бош орундар көп. Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын урологиялык борборунан да көбүрөөк табууга болот.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы ооруканаларда коронавирус жуктурган бейтаптарды жаткырганга 539 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат саат 14:00гө карата алынды.
  • Улуттук хирургия борбору — 8;
  • Улуттук госпиталдын урологиялык борбору — 74;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 22;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 35;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 39;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 237;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 16;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17;
  • Республикалык наркология борбору — 78.
Кошумча маалымат алуу үчүн ооруканалардын картасында көрсөтүлгөн телефондорго чалууга болот. 
Жаңылыктар түрмөгү
0