ИИМ: жаңы жыл түнү 184 кылмыш катталып, 2 129 айдоочу эреже бузду

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремонии зажжения главной новогодней елки Кыргызстана площади Ала-Тоо в Бишкеке
Церемонии зажжения главной новогодней елки Кыргызстана площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам күнү өлкөдө коомдук тартипти сактоо үчүн 13 миңден ашуун милиционер жумушка чыккан. Анын жардамы менен жаңы жыл тынч өткөнү белгиленет.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жыл түнү милицияга 184 адамдан арыз түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте милиционерлер менен жарандар мушташкан окуянын видеосу
Майрам күнү өлкөдө коомдук тартипти сактоо үчүн 13 миңден ашуун милиционер жумушка чыкканы маалым болду.
“Ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти толугу менен камсыздап, бир дагы олуттуу мыйзам бузуу катталган жок. Түн тынч өттү. Криминогендик кырдаал дагы тынч болду, адаттагыдан азыраак кылмыш катталды. Азыркы тапта өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда”, — деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды массалык иш-чаралар өтүп жаткан жерге келүүдө санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жана этият болууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0