Штаб коронавирус эң көп катталган күндөрдү айтты

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарынан катталганы айтылды. Ордо калаада оору илештиргендердин саны 26 834 болсо, эң аз учур Нарын облусунда катталган.

БИШКЕК, 31-дек. – Sputnik. Кыргызстанда коронавирус июль айынын ортосунда көп адамдан аныкталган. Тагыраагы, 17-июлда 1 654 учур, 18-июлда 1 264 учур катталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, коронавирус Кыргызстанда алгач 18-мартта үч кишиден табылган. Азыр бул сан 31-декабрга карата 81 034кө жетти.

Коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарынан катталганы айтылды. Ордо калаада оору илештиргендердин саны 26 834 болсо, эң аз учур Нарын облусунда катталган. Пандемия башталгандан тарта аталган аймакта 2 254 кишиден коронавирус табылган.

"30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы айыккан 3 бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө жалпы 75 918 адам коронавирустан сакайды", – деп айтылат маалыматта.

Өлүм учуру өлкөдө биринчи ирет 2-апрелде катталып, бүгүнкү күнгө чейин оору 1 355 адамдын өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0