Баткендин башчысы шарты катаал "Тамдыктын" чек арачыларын куттуктап келди

© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской областиПосещение погранзаставы "Тамдык" полпредом Баткенской области
Посещение погранзаставы Тамдык полпредом Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкүл алдыда чек ара заставаларын материалдык-техникалык жактан жабдуу, чек арачылардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасаларын убадалаган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облустун эң алыста, Тажикстан менен чектешкен "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын жаңы жыл майрамы менен жеринен барып куттуктады. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской областиӨкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облустун эң алыста, Тажикстан менен чектешкен "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын жаңы жыл майрамы менен жеринен барып куттуктады
Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облустун эң алыста, Тажикстан менен чектешкен Тамдык чек ара заставасынын чек арачыларын жаңы жыл майрамы менен жеринен барып куттуктады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облустун эң алыста, Тажикстан менен чектешкен "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын жаңы жыл майрамы менен жеринен барып куттуктады
© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской областиЖалалов мындагы чек арачылардын мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү чоң эрдик экенин белгилеп, белектерди берди
Жалалов мындагы чек арачылардын мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү чоң эрдик экенин белгилеп, белектерди берди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жалалов мындагы чек арачылардын мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү чоң эрдик экенин белгилеп, белектерди берди
© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской областиБул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды
Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды
1/3
Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облустун эң алыста, Тажикстан менен чектешкен "Тамдык" чек ара заставасынын чек арачыларын жаңы жыл майрамы менен жеринен барып куттуктады
2/3
Жалалов мындагы чек арачылардын мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү чоң эрдик экенин белгилеп, белектерди берди
3/3
Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды

Жалалов мындагы чек арачылардын мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканынын өзү чоң эрдик экенин белгилеп, белектерди берди.

"Бул аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай, ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы облус элинин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем. Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй-бүлө бактылуу", — деген өкмөттүн өкүлү.

Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды. Ак-Сай посту Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, чыр чатак көп катталган аймакта жайгашкан.

Ыйгарым укуктуу өкүл заставанын жана посттун шарттары менен да таанышып чыгып, алдыда аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасалаарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0