Төрт күндүк эс алуу. 8-январдагы иш күнү башка датага алмаштырылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековЦеремония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо
Церемония зажжения главной новогодней елки на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2021-жылдын 3-майындагы эс алуу күнү 8-январга жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каттоо кызматынын бөлүмдөрү январдын башында кандай иштейт? График
Дем алыш күндөрдү жылдыруу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Дем алыш күндөрүн ырааттуу бөлүштүрүү максатында беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик орган жана муниципалдык уюмдардын, мекеме, ишканалардын 3-майдагы эс алуусу 8-январь менен алмаштырылган. Себеби Эмгек кодекси боюнча 1-май ишембиге туура келгендиктен, 3-май, дүйшөмбү күнү да дем алыш болмок.

Натыйжада кыргызстандыктар 1-2-3-январь жана 7-8-9-10-январь күндөрү эс алышат. Ал эми 4-5-6-январь иш күнү катары бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0