Каттоо кызматынын бөлүмдөрү январдын башында кандай иштейт? График

Жазылуу
Калкты тейлөө борборлору, калкты жана транспортту каттоо, паспорттоштуруу бөлүмдөрү, почта, архив, нике каттоо кызматтары 2021-жылдын 4-январынан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмдөрү 1-3-январь күндөрү жана 7-8-январда иштебейт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 1-2-3-январда (жума, ишемби, жекшемби) кыргызстандыктар эс алат.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын борбордук аппараты, калкты тейлөө борборлору, калкты жана транспортту каттоо, паспорттоштуруу бөлүмдөрү, почта, архив, нике каттоо кызматтары 2021-жылдын 4-январынан тарта кадимки тартипте иштеп баштайт. Калган күндөрү жумуш штаттык режимде жүрөт. Калкты тейлөө, каттоо кызматтарына барарда календарды карап алууну эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда 7-январь күнү православдардын Рождество майрамы белгиленсе, шайлоочулар жашаган жери боюнча президенттик шайлоого жана референдумга добуш берип жетишүү үчүн 8-январь да эс алуу күн деп белгиленди. Референдум жана президенттик шайлоо өлкөдө 10-январда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0