Атамбаевдин тиши ооруп жатат. Сот отуруму кайрадан жылдырылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартып койду.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча сот процесси дагы жылдырылды. Судья айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартып койду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен жактоочусу Сергей Слесарев такстыктады.

"Отурум айрым жактоочулардын жоктугу үчүн жылдырылды. Ошондой эле Атамбаев менен Ирина Карамушкина ооруп жатат”, — деди Слесарев.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Сот Канат Сагымбаевди үй камагына чыгарып, Фарид Ниязовду абакта калтырды
Жолдубаеванын айтымында, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров айыпталуучулардын баш коргоо чарасын эки айга узартып койду. Иштин фигуранттарынын катарында Атамбаевден тышкары Албек Ибраимов, Аскарбек Шадиев, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева жана башкалар бар.

Ошондой эле Жолдубаева Атамбаевдин тиши ооруп жаткандыктан бүгүн стоматологиялык клиникага кайрылууга мажбур болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0