"Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү бекети. Архив
 Эркечтам көзөмөл өткөрүү бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү бекеттери Жаңы жылдык майрамга карата бир нече күнгө жабылат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен 1-январдан тарта "Торугарт" менен "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Эркеч-Там" бекетинен унаалар 2-январдан тарта өткөрүлө баштаса, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайынын иши 4-январда жанданат.

Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0