ВИЧ жугузуп алган келин: толгоом бышып турса да доктурлар албай кыйналдым

© AFP / ANTHONY WALLACEБеременная женщина. Архивное фото
Беременная женщина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда оорунун түрү кездешкен заман. Алардын катарында ВИЧ/СПИД оорусу дагы бар. Көбүбүз бул оору тууралуу кенен маалымат биле бербейбиз. СПИД — бул ВИЧ инфекциясынын акыркы стадиясы болуп саналат.

ВИЧ бир гана жыныстык катнаш аркылуу жукпайт. Ал кан аркылуу жугуучу оору болгондуктан тиш доктурдан же ар кандай сулуулук салондорунан да илешип калышы ыктымал. Мындан толук сакайып кетүү мүмкүн эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 39 жаштагы Бишкектин тургунунан маек алган. Белгилүү себептерден улам каарманыбыздын аты-жөнү купуя бойдон калмакчы.

Бизге маек курган айымдын төрт баласы бар. Учурда жалгыз бой эне оору менен да күрөшүп, балдарын да багып, кыйынчылыктарга моюн бербей келе жатат. Өтө кайраттуу айым экен. Ал дартты экинчи жолдошунан жугузуп алганын айтат. Каарманым ВИЧке кабылгандан кийин эки кыздуу болгон.

— ВИЧти кандайча жугузуп алдыңыз?

Наристе. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки ай дешти. Ак канга чалдыккан наристесине жардам сурап карайлаган атанын маеги
— Жолдошумдан эле жукту деп ойлойм. Мен бул статус менен жашаганыма төрт жыл болуп калды. Биринчи кызым жети айлык боюмда бар кезинде бейтапканадан СПИДге анализ тапшырууга жиберишкен. Ошондо ВИЧ-инфекция бар экендиги билинди. Алгач укканда аябай жаман болдум. Жашоом бүтүп калгандай сезилген. Анын үстүнө катардагы адам укканда бүшүркөп, шумдук оору катары алгач жаман кабылдайт. Мен деле ошол адамдардын катарында элем. Шаардагы кээ бир көрнөк-жарнак такталарынан эле "ВИЧ\СПИД" деп окуп калганым болбосо, бул дарт тууралуу маалыматым такыр жок болчу.

— Өзүңүз кош бойлуу болсоңуз, аябай стресске кабылган экенсиз да?

— Ооба, өлөт деген ушу экен дегем. Ооруну мага дароо угузушкан жок. Алгач мени бейтапканадан СПИД боюнча шаардык борборго жөнөтүшүп, анан ошол жактан айтып, түшүндүрүштү. Үйгө келип, төрт күн соолуп жаттым. "Ушуну менен баары бүткөн турбайбы, эми эмне кылам?" деп эле ыйлай бердим. Эч нерсеге көңүлүм чаппады. Ал кезде жолдошум да Россияга кеткен. Балдарым кичирээк. Эптеп акыл-эсимди жыйып, өзүмдү колго алдым. Экинчи жолу анализ тапшырганы барганда жыйынтык дагы оң болуп чыкты. Ошондо СПИД борбордун коридорунда ыйлап отурсам, орус врач киши жаныма келип себебин сурады. Дароо эле: "Ушундай дартка чалдыктым, эми мындан ары кантип жашайм? Мээме эч нерсе кирбей жатат, эмне кылам?" - деп эле шолоктоп ыйлап жибердим. Ал мени кабинетине ээрчитип барып: "Ыйлаба, бул дарт коркунучтуу эмес. Өзүңдү жоготпогун, жашайсың, жашоого болот, дарылан. Башкысы убагы менен дарысын ич", — деп акыл-насаатын айтып, кайраттандырган. Ал дарыгер да бир жыл мурун каза болуп калды, раматылык. Ошол кишинин насаатын угуп, врачтардын айтканы менен болуп, берген дарысын убагы менен алып, борборго тынбай барып жүрүп бул оору жөнүндө көп маалымат билдим.

— ВИЧ тууралуу көп билген сайын абалыңыз кантти?

Экспресс-тестирование на ВИЧ в Казани - Sputnik Кыргызстан
Бир жылда 850 кыргызстандык ВИЧ жуктурганы аныкталып, 77 киши көз жумду
— Биздин борбордо ар кандай семинарлар болуп турат. Көп билген сайын кадимки дарттай кабыл ала баштадым. Кант диабети, гепатитке караганда ВИЧ статусу менен жашоо алда канча жеңилирээк экенин туйдум. Бирок эл биздей бейтаптарды жедеп бүтүп калгандай кабылдашат. Коом биздей адамдарды кабыл алууга даяр эмес. Аябай жаман көз карашта. Бул ар бир адамдын башына келип калуучу оору. Бир гана жыныстык катнаш учурунда жукпайт. Медицинада бул инфекциянын үч жол менен жугары айтылат. Жыныстык катнаш, кан аркылуу жана төрөт убагында энеден балага жугушу ыктымал. Эгер энеде ВИЧ-инфекция болсо, төрөт убагында ымыркай кан аралаш былжыр сууну жутуп алса, ага жугуп калат экен. Ошол себептен ооруган энелерди операция жолу менен төрөтөт. Андай балдарды төрөттөн кийин үч жолу кан тапшыртат. Акыркысы 1,5 жашында берилет. Кудай жалгап менин эки кызым тең таза чыкты. Азыр улуусу 3,5, кичүүсү 2,5 жашта.

— Сиз инфекция жугузуп алгандан кийин да төрөдүңүзбү?

— Негизи биринчи жолдошумдан эки эркек балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Андан кийин турмуш жаңырткам. Экинчи жолдошумдан эки кызым бар. Ооруга чалдыкканымды биринчи кызымда билдим. Улуу кызымды төрөп, ал кызым 3-4 ай болуп калганда Россиядан жолдошум келип, бир аз жүрүп кеткен. Ошол маалда боюма бүтүп калган экен. Бирок аны деле билбейм. Кийинчерээк УЗИден билип, алдырайын дегиче эки айдан ашып калыптыр. "Кудайдын жазганы экен" деп тобокелге салып төрөп алдым. Экинчи кызым боюмда барда бардык анализдерди бергеним менен СПИДге тапшырганга акчам жок бара албай калгам. Чындыгында ошол убакта тыйын-тыпырдан абдан кыйналып тургам. Бир күнү эле суу келип Тез жардам чакырдым. Аларга болгонун болгондой айтып берсем, дароо эле дайыма төрөп жүргөн Бишкектеги төрөтканалардын бирине алып барышты. Баары ошол жактан башталбадыбы. Мени кабыл алгылары келбей, кире бериште үч-төрт сааттай отурдум.

— Эмнеге кабыл алышкан жок?

Лабораториянын кызматкери ВИЧке тест анализдер менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ооруканада ВИЧ/СПИД жуктургандарга компенсация төлөнөт
— Бейтапкананын жолдомосу (обменный карточка) жок дешти. Негизинен ВИЧ инфекциясы жугуп калат деп коркушкан. "Такси чакырып берели, республикалык төрөтканага барып төрө" деп туруп алышты. Мен да көгөрүп болбой койдум. Өзүм суум кетип кыйналып жатсам, кантип башка жакка барам? Берки төрөткана кабыл албай койсочу деп да корктум. Бир кезде акушер-гинеколог врач чыгып алып элдин көзүнчө: "Ай, кандай көк бет аялсың. Менин да үч балам бар. Тобокелге баргым келбейт", - деп кыйкырып урушту. "Эже, менин да балдарым бар", - деп жооп бердим. Ошентип, акыры айла жок кабыл алууга туура келди, кагып-силкип, сүйлөнүп, колдоруна төрттөн кол кап кийип, наалып жатып операция жасашты. Бирок кызымды аман-эсен колума алып беришти. Ошого сүйүнүп, рахматымды айттым. Эжем келип акча да бериптир. Бирок ары-бери түрткүнчүк болгонума, ушундай мамилеге ызаланып, өзүмчө ыйладым. ВИЧти айрым дарыгерлер түшүнбөй, өздөрү жат мамиле кылышат. Анан коом бизди кантип кабыл алат? Оорудан толук маалыматы жок карапайым адамдар түшүнөбү деп ойлондум. Беш кол тең эмес экен. Ошол төрөтканадагы балдар бөлүмүнүн башкы дарыгери мени чакыртканынан барсам, акыбалымды сурап, атайын кайрымдуу фондго жаздырып колдоо көрсөткөн. Ошол фонд дайыма балама материалдык жактан жардам көрсөтүп турду.

— Сизге бала эмизүүгө да болбосо керек эле. Канттиңиз?

— Ооба, эмизген жокмун. Мында да балага жугуп калышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарымды жалаң атайын бөбөктөрдүн сүтү менен чоңойттум. Мында да азап болду. Көкүрөгүмөн сүт ашып-ташып кайтпай, аны таңып, сүт тарттыруучу дары ичтим. Жалаң кайгы, түйшүктөн 75 килограмм салмактан бир айдын ичинде 57 килограммга түштүм. Туугандарым эмнеге эмизбегенимди деп сураганда сүт келбей жатканына шылтап койчумун.

— Дартыңыз тууралуу жок дегенде бир тууган эжелериңизге айттыңыз беле?

Эбола вирусунан каза тапкан адамды дезинфекциялап жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мүрзөгө жер тартыш болуп... Адамзат башынан кечирген коркунучтуу 7 эпидемия
— Жок, эч кимге айткан жокмун. Ушу кезге чейин билишпейт. Айтканда деле эмне, алар түшүнбөйт да. Үйүнө барганда менден жатыркап турушса кандай акыбалда калам? Бир жолу мен жаңы ооруп жүргөн маалда үйгө улуу эжем келип: "Ии-ай, аянт жактан келе жатсам, ВИЧ инфекциясын жугузуп алган балдардын ата-энеси митингге чыгыптыр. Коркуп, жугуп калбасын деп көчөнүн наркы тарабы менен келбедимби", — деди. Ошол сөз мага башка чапкандай эле катуу тийген. Ачуум келип: "Эже, ал дагы кадимкидей оору. Бул илдет кургак учуктай аба аркылуу же гепатиттей шилекейден жугуп калбайт", — дедим. Ошондон кийин да бул оору тууралуу туугандарыма айткыс болгом. Азыр күндө кечинде дары ичем, бирок балдарым деле эмне оору экенин аңдашпайт. Башкысы, саат 10до дары ичеримди билишет.

— Төрт балаңыз бар экен. Жолдошуңуз ошол бойдон келген жокпу?

— Кыздарымдын атасы Россияга кетип, ошол бойдон кабары жок. Аман-эсен эле жүргөнүн угам, бирок балдарга келип каралашпайт деле. Мен дагы көңүлүм калып калды. Чалбайм, чакырбайм. Өзүм эле балдарымды багып жүрөм.

— Төрт баланы жалгыз багуу оңой эмес го...

— Башыбыздан эмнени гана өткөргөн жокпуз. Кээде кыздарымдын тамагы жок, кургак сүт менен багып калган учур болду. Биздин борбордун дарыгерлери (СПИД боюнча шаардык борбор — ред.) жетекчиси менен атайын акча чогултуп азык-түлүк алып берип жүрүштү. Азыр, кудайга шүгүр, үйдө тигүүчү болуп иштейм. Цехтен эки кишинин жумушун алып келип, кээде эки сутка тынбай иштеген күндөр болот. Көбүнчө күнү-түнү иштеп калам. Ушинтип балдарымды багып жатам. Бул оорудан чөкпөш керек. Пессимист болбой, убагында дарысын ичсең эле кадимкидей жүрө бересиң. Дарыланбаса СПИДге айланып кетет. СПИД — бул ВИЧтин акыркы стадиясы. Инфекция канда көбөйүп кетсе, ал иммунитетти түшүрө берет. Ошондуктан ВИЧ жугузуп алгандарга убагы менен дарыланууга кеңеш берет элем.

— Азыр абалыңыз кандай?

Республикалык СПИД борбордун директору Үмүт Чокморова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чокморова: СПИДди жеңүү үчүн алдыбызга 90-90-90 деген максат коюлган
— Жакшымын. ВИЧке ийне сайылбайт, жалаң күчтүү, кымбат дарылар берилет. Бирок бизге бекер. Алар аябай күчтүү болгондуктан ичкенден кийин көзүңө бир нерселер көрүнүп, галлюцинация болот. Башында билбей эле кечке маал ичип алып аябай кыйналчумун. Көрсө, жакшы тамактанып алып уктаарга жакын ичүү керек экен. Убагы менен ичип жүрүп, азыр жакшы болуп калдым. СПИД боюнча шаардык борборго үч айда бир барып турам. Ал эми жакшы боло албай жаткандар ай сайын көрүнүп турушу керек. Ошентсе да айрымдар убагы менен дарыланбайт. Бул оорудан толук айыгып кетүү мүмкүн эмес. Медиктер кандагы инфекциянын санын текшерип турушат, кайсы бир шкаладан ылдый болгондо сакайды деп эсептелинет. Башкача айтканда, ал адамдан инфекция кан аркылуу да жукпай калышы ыктымал. Бирок врач жазып берген инструкция боюнча дары ичүүнү токтотпош керек.

— СПИД боюнча шаардык борборго катталган бейтаптардын арасында кайсы курактагылар басымдуу?

— Ар кандай. Жаш кыз-келиндер, кичинекей балдар, түрмөдөн чыккандар, мамлекеттик кызматта иштеген олуттуу эле адамдар бар. Оору адам тандабайт эмеспи. Жаш келиндердин көбү эле күйөөсүнөн жугузуп алганын айтышат. Кээ бир жолдошу жок кыз-келиндер турмушка чыгып же бирөө менен "кошулуп" коюшу мүмкүн. Негизи аябай жакшы болмоюнча жыныстык катнашка барууга болбойт. Жакында эле биздин борбордо өткөн семинарга орто жаштагы, өтө салабаттуу кийинген орус аял жаңы келиптир. Отуруп алып эле буркурап ыйлап жатты. Ыйласа жанына киши тура албайт. Барып сүйлөшсөм, каяктан жугузганын билбейт экен. Күйөөсү экөө тең барып текшерилсе өзүнөн инфекция чыгып, күйөөсүнүкү таза чыгыптыр. Мен башка эч ким менен "болбосом" кантип жугат деп ыйлайт. Анан мен "бул оору жыныстык катнаш аркылуу эле эмес, кан аркылуу жугат, тиш доктурга, ар кандай салондорго барганда абайлаш керек" деп айттым. Көрдүңүзбү, ВИЧ менен ооруган адамдарды башкалар бузулган же туура эмес жолдо жүргөндөй кабыл алышат. Тиш доктурдан же салондордон да жугузуп алуу толук мүмкүн. Мен ал жактарга барганда "гепатит менен ооруйм, менден кийин аспап-жабдууларыңарды сөз жок тазалагыла" деп айтып, талап кылам.

Жаңылыктар түрмөгү
0