Бишкекте коомдук транспорттун графиги эки күнгө өзгөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамада кишилер маршруткага отуруп жатышат. Архив
Аялдамада кишилер маршруткага отуруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын маалымат кызматы автобус, троллейбустардын графиги Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу өзгөрүлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу коомдук транспорттун графиги 31-декабрь жана 1-январда бир аз өзгөрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

31-декабрь күнү №2, №4, №7, №8, №10, №14 троллейбус жана автобус, маршруткалар 6:00дөн 00:00гө чейин иштейт.

1-январда автобус менен троллейбустар саат 8:00дөн 20:00гө чейин, ал эми маршруткалардын 0:00гө чейин элге кызмат кылары айтылды.

Эгерде коомдук транспорт боюнча маселе жаралса, шаардыктар төмөнкү номерлерге чалса болот:

Жаңы жылдык балаты Бишкектеги Ала-Тоо аянтында - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылга карата аба ырайы
Шаардык транспорт башкармалыгы (маршрутка боюнча) — 0 (312) 533 648 (диспетчерлик кызмат), 0550143637;

"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу" ишканасы, автобустардын ишин карайт — 0 (312) 534 824 (диспетчерлик кызмат), 0553 022 753;

Бишкек троллейбус башкармалыгы — 0 (312) 635 199 (диспетчерлик кызмат), 0700411905.

Жаңылыктар түрмөгү
0