Түлөбаев: эми жаңы конуштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат

Жазылуу
Мэрдин милдетин аткаруучу 2021-жылы борбор калаада бир топ социалдык объектилер курула турганын белгиледи.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Келе жаткан жылы мэрия жаңы конуштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатып кабарлады.

Анын айтымында, 2021-жылы жаңы конуштардагы жол, канализация жана электр жарыгы маселелери чечилет.

"Буларды кийинки шайлоодо мени шайласын деп убадалап жаткан жерим жок. Шайлоого катышпайм. Болгону ал жакта да эл жашайт. Буга чейин көңүл бурулган эмес деп айта албайм, бирок аз көңүл бурулган. Мындан ары мэриянын биринчи жумушу жаңы конуштарды өнүктүрүү болот", — деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу 2021-жылы борбор калаада бир топ социалдык объектилер курула турганын кошумчалады.

Вручение документов от жилья горожанам, которые оказались в трудной жизненной ситуации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мэрия 7 аяр үй-бүлөгө батир берди. Турак жай курууну улантуу каралууда
"Азыр аравиялык фонддор менен иштешип жатам. Тунгуч кичи районуна 200-300 кишилик жатакана курабыз. Ал жакта көчөдө калган адамдар, аялуу катмардын өкүлдөрү жашамакчы. Аларды бир жылда жашоого кайра кайтарабыз. Мындан сырткары, Ак-Өргөдө Даун синдрому менен ооруган балдар үчүн бала бакча, майыптыгы барлар үчүн жатакана куруу да пландалып жатат", — деди Түлөбаев.

Мэрдин милдетин аткаруучу шаардагы жерлерди трансформация кылуу иштери уланып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0