Түлөбаев: Бишкектеги мектеп, отканалардын баарын газга өткөрөм

© пресс-служба мэрии города БишкекМэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлөбаев шаардагы абанын булганышынын эң негизги себеби көмүрдөн чыккан түтүн экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы мектеп, отканалардын баарын газга өткөрүү боюнча буйрук чыгарып жатам. Бул туурасында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шаардагы абанын булганышынын эң негизги себеби -- көмүрдөн чыккан түтүн.

"Эгер көмүрдөн баш тартсак, ис, түтүн чыгырган сапатсыз көмүр жагууну токтотсок, аба тазарат. Бизде ыштын экинчи себеби — машинадан чыккан түтүн, үчүнчүсү — аба. Кышында Бишкектин абасы "камалып" сыртка тарап кете албай жатат. Буга байланыштуу мектептерди, мэрияга караштуу отканаларды газга өткөрөм", — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал шаарга керектелген 1000ге жакын автобустун газ менен иштей турганын аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0