Ажал алып тынган кайрандар...
2020-жылдагы жоготуулар
2020-жыл дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан үчүн өтө оор мезгил болду. Узап бараткан жылы ажал саясат, маданият, дин, журналистика тармактарынын каймактарын, асылдарын терип кетти. Айрымдары коронавирустан көз жумса, кээ бирин башка оору жөн койгон жок.

Калк оозуна алынып, элине эмгеги сиңген инсандарды эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан атайын материал даярдады.

Белгилей кетсек, буга чейин сайтка коронавирустан каза тапкан медик, күч органдарынын кызматкерлери, мугалимдер тууралуу макала жарыяланган.
Сапарбек Касмамбетов
Жыл жаңырары менен кыргыз эли манасчы Сапарбек Касмамбетовдон айрылды. Манасчы 19-январда 86 жаш курагында дүйнө салды. Касмамбетов 1982-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Атактуу манасчы бир нече китептин автору. Андан "Семетей" эпосундагы "Кырк чоронун өлүмү" эпизоду (1600 сап ыр) жазылып алынган. Касмамбетов "Эр Кошой" эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Андан сырткары, акындын "Асыл эне", "Билерик", "Балыкчы баяны", "Бала Манас" чыгармалары китеп болуп басылып чыккан. Касмамбетов "Даңк" медалынын ээси эле.
Эрнис Асек уулу
29-январда журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулунун каза болгондугу тууралуу суук кабар тарады. Ал маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси болчу. Ал буга чейин "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенип, кийин "Баягы Асаба" гезитин да чыгарып жүргөн.

Асек уулу ыр жазып, котормолор менен алектенчү. 49 жыл жашаган калемгер журналистика тармагына жарым өмүрүн арнаган.
Айдар Акаев
6-февраль күнү Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев көз жумганы белгилүү болду. Ал 44 жашта эле. Башында анын жүрөгү кармап каза тапканы айтылган. Кийин ЖМКлар Айдар Акаев алкоголь менен баңгизатка ууланып, жыйынтыгында жүрөгү токтоп көз жумганын жазып чыгышты. Айдар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулдарынын улуусу болчу. Эжеси Бермет Акаева экөө 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Бирок "жоогазын" революциясынан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тунгуч президенттин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Акыркы мезгилде Айдар Акаев Москва шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылып келген.
Назгүл Кожокулова
16-февралда белгилүү теле алып баруучу Назгүл Кожокулова бул дүйнө менен кош айтышты. Алып баруучу көп жыл бою мамлекеттик телеканалдарда иштеп, автордук берүүлөрдү даярдачу. Туугандарынын айтымында, Кожокулова көптөн бери ооруп жүргөн.
Исак Бекбоев
16-апрель. Бул күнү 91 жаш курагында КРдин эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев өмүрү менен кош айтышты. Бекбоев эмгек жолун мектепте математика мугалими болуп баштаган. Андан кийин илим-изилдөө институтуна кабыл алынып, илимий кызматкер болгон. Бекбоев математиканы окутуу боюнча окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн кыргыз мектебинин негиздөөчүсү болуп саналат. Ал педагогика илимдеринин 23 кандидатын жана жети докторун даярдаган. Бекбоев "Даңк" медалынын, "Манас" орденинин ээси.
Элмирбек Иманалиев
20-апрелде кыргыздын жылдызы өчүп, эл атактуу акыны Элмирбек Иманалиевден ажырады. Акын болгону 42 жашта эле. Кант диабети, жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөн талант ооруканадан үзүлгөн. Айтыштын алпы аталган Иманалиев 1993-жылдан бери айтыш боюнча республикалык жана эл аралык фестивалдардан баш байгени берчү эмес. Ырчы, обончу катары "Булбулум", "Аруузатым", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" чыгармалары менен белгилүү. Өмүрүнүн аягына чейин жаш акындарга устаттык кылып, КР эл артисти наамын алган.
Зайырбек Ажыматов
Элмирбек Иманалиевдин узаганынан көп өтпөй, 29-апрелде белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун каза болгону тууралуу суук кабар келди. Ажыматов Элмирбек акындын жакын досу эле. Жакындарынын айтымында, 44 жаштагы талант оорудан көз жумган. Ажыматов "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында эмгектенип, соңку учурда "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы бар эле.
Карпек Курманов
24-апрелде Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, белгилүү юрист Карпек Курманов көз жумду. Ал 92 жашка чыккан. Курманов эгемендүү Кыргызстандын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгууга катышкан. Юридикалык илимдин өнүгүшүнө жана кадрларды даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татып, III даражадагы "Манас" ордени дагы берилген.
Сулуубек Токсобаева
1-майда Кыргызстандагы алгачкы журналист аялдардын бири Сулуубек Токсобаева 91 жаш курагында дүйнө салды. Токсобаева эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинде баштап, кыргыз сатирасына кыз-келиндерден биринчилерден болуп баш-оту менен кирип, журналист-сатирик катары таанылган.

"Чалкан" журналында 30 жылдан ашык иштеп, далай куйкум сөздүү фельетон, сатиралык аңгемелери менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Мындан сырткары, Москвадагы журналисттердин V съездине делегат болуп катышкан.
Мукар Чолпонбаев
24-май күнү коронавирус инфекциясынан 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев каза тапты. Чолпонбаев прокуратура тармагында көп жыл эмгектенип, кийин юстиция министри, ЖК спикери да болгон. Ал легендарлуу парламенттин жана Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты эле.
Жалгап Казакбаев
5-июлда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында көз жумду. Ал 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон. 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланганы маалым.
Марат Жантелиев
9-июнда белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев өмүрү менен кош айтышты. Талант 59 жашында ооруканадан үзүлгөн. Ага чейин анын ооруп жүргөнү айтылган эле. Бопуш деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Жантелиев Москва шаарындагы кинематография институтун бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.
Болот Шер
21-июнь күнү саясаттын көрүнүктүү өкүлү, мурдагы депутат Болот Шер көз жумду. Саясатчы ага чейин инсульт алып ооруканага түшкөн эле. Болот Шер Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, төраганын орун басары болгон. 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштегени белгилүү.
Бакыт Карагулов
27-июнда белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов каза болду. Ал 1950-жылы 12-августта Фрунзеде төрөлгөн. Түбү Таластан. Режиссер катары "Куш өмүр" ("Бетме-бет" чыгармасынын негизинде), "Найман эненин ыйы" же "Маңкурт", "Бороондуу бекет" жана башка тасмаларды тарткан. Ага КРдин эл артисти наамы ыйгарылган эле.
Кубанычбек Осмонов
28-июнда белгилүү композитор жана музыка таануучу Кубанычбек Осмонов 70 жаш курагында каза болду. Осмонов Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун төрагасы, 14 жылдан бери Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору болуп эмгектенип келген. 2005-жылы КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Ал көпчүлүктүн купулуна толгон "Тоолук кыз", "Энекебай", "Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан", "Аталар" ырларынын автору. Мындан сырткары, хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган чыгармалары "Кыргыз радиосунун" Алтын казынасына жазылып, эртели-кеч эфирден уктурулуп келет.
Бүбүкан Досалиева
Аялдын сырттаны аталган белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева пневмониядан 6-июлда каза тапкан. Досалиева ушул жылы 62 жашка чыкмак. Аны кыргыз коомчулугу белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог катары билчү. Саясат таануу илимдеринин кандидаты Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинин журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы журналисттерди тарбиялаган. 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин "Азаттык" үналгысынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп жаткан. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамынын ээси.
Чыныбай Турсунбеков
7-июль. Коронавирустун каары каптап турган учурда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков да оорунун капшабына кабылып каза болду. Депутат пневмония болуп, ооруканага жаткырылган болчу.

Турсунбеков кесиби боюнча филолог эле. Эмгек жолун журналист жана окутуучу болуп баштаган. 1997-жылдан 2010-жылга чейин "Акун" ЖАКтын башкы директору, "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирлигинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин тең төрагасы болуп эмгектенген. Андан соң КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V-VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2016-жылдын апрелинде ЖК төрагасы болуп шайланып бир жарым жыл иштеген.
Чубак ажы Жалилов
11-июль күнү белгилүү дин аалымы, Кыргызстандын мурунку муфтийи Чубак ажы Жалилов дүйнө салды. Чубак ажы да пневмония болуп, ооруканага жаткырылганда үзүлгөн. Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган. Ал ислам динин коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошуп, мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билим, тажрыйбасы менен бөлүшкөн.
Михаил Рогожин
13-июль күнү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчисинин техникалык маселелер боюнча орун басары Михаил Рогожин 51 жашында дүйнө салды. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлган. Рогожин Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан түптөлгөндөн бери иштеп келе жаткан кесипкөй чыныгы адис эле. Ал бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болуп, Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген. Ошондой эле ыр жана прозаларды жазып жүрчү.
Николай Танаев
19-июль күнү Кыргызстандын экс-премьер-министри Николай Танаев көз жумганы кабарланды. Акыркы жылдары ал Санкт-Петербургда жашап, "Газпром" ишканасында эмгектенет деп айтылып жүргөн. Танаев 2002-2005-жылдары өкмөттү жетектеген. 2005-жылдын 24-мартында элдик көтөрүлүштөн кийин кызматтан кеткен. Ал кезде Акаев дагы бийликтен кол жууган.
Жыпар Жекшеев
21-июль күнү коомдук ишмер, КДКны негиздегендердин бири Жыпар Жекшеев 73 жашында көз жумду. Жекшеев COVID-19га чалдыгып, ооруканада дарыланып жатып каза болгон. 1990-жылы айтылуу "Кыргызстан демократиялык кыймылын" (КДК) негиздегендердин катарында болуп, тең төрага болуп шайланган. 2007-жылы ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын башкы катчысы кызматын аркалаган. 2009-жылы президенттикке талапкерлигин койгон. Жекшеев "Даңк" медалынын ээси жана Казакстандын Ардак грамотасын алган.
Жамал Ташыбекова
12-август күнү узакка созулган оорудан улам мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Жамал Ташыбекова 83 жаш курагында дүйнө салды. 1967-жылдан тарта партиялык, мамлекеттик кызматтарда иштеп, 1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп эмгектенген. Советтин жана республиканын Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты болуп шайланган эле. Элдердин ортосунда достукту, кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүүдөгү олуттуу салымы үчүн ага КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси деген даражалуу дипломатиялык ранг берилген.
Гүлсайра Момунова
Ушул эле күнү 12-августта КР эл акыны Гүлсайра Момунова оорудан улам каза болгону айтылды. 1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан бери СССР Журналисттер союзунун мүчөсү эле. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган. Ал "Эр Манас урпагы" медалы менен сыйланып, "Түгөлбай Ата" адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамы ыйгарылганы маалым.
Эрик Асаналиев
13-сентябрда белгилүү дипломат Эрик Асаналиев 61 жаш курагында көз жумду. Эмгек жолун дипломатиялык кызмат органдар тутумунда Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси катарында баштап, 1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы, кийин Беларустагы элчиси болуп иштеген. Литва менен Латвиядагы КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигин айкалыштыруу менен КМШнын уставдык жана башка органдарына караштуу Кыргызстандын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
Калыйбек Тагаев
16-сентябрда Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнө салды. Тагаев 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктагандан кийин Ат-Башыдагы мектепте мугалим, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеген. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. Тагаев 120дан ашык обондун автору. Анын "Ат-Башым", "Элмира", "Долон", "Ак куулар көлдө термелет", "Назгүлүм" баштаган чыгармалары классикага айланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан. 60ка жакын обону "Кыргыз радиосунун" Алтын казынасына жазылып алынган.
Каныбек Исаков
12-ноябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 51 жашында дүйнөдөн кайтты. Исаков 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген. Былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп иштеген эле. Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон.
Шабданбек Кулуев
24-ноябрда Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнө салды. Кулуев эмгек жолун мугалимдиктен баштап, бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги төш белгиси, 2011-жылы КРдин эл мугалими ардактуу наамы ыйгарылган.
Жаныбек Жанызак
17-декабрь күнү белгилүү журналист, жазуучу Жаныбек Жанызак 69 жашында көз жумду. Жаныбек Жанызак кыргыз коомуна ириде журналист катары белгилүү. Бир нече жыл фотограф жана бир катар гезиттерде кабарчы болуп иштеген. Акыркы жылдары басмакана негиздеп, айрым жазуучулардын китептерин басып чыгаруу менен алектенип келген.
Бейшенбек Бекешов
27-декабрда дагы бир элге таанымал журналист, теле алып баруучу Бейшенбек Бекешов каза тапты. Бекешов бир нече жыл КТРК, ЭлТР телеканалдарында эмгектенип, акыркы учурда ишкерлик менен алектенип жүргөн.
Автор
Таалайгүл Усенбаева

Дизайнер
Даниил Сулайманов