Мэрия 7 аяр үй-бүлөгө батир берди. Турак жай курууну улантуу каралууда

© пресс-служба мэрии города БишкекВручение документов от жилья горожанам, которые оказались в трудной жизненной ситуации в Бишкеке
Вручение документов от жилья горожанам, которые оказались в трудной жизненной ситуации в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин милдетин аткарып жаткан жетекчи борбор калаага бульвар куруунун ордуна муниципалдык турак жай салууну ойлонуп жатканын айтат.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкекте социалдык жактан муктаж жети үй-бүлөгө мэрия тарабынан батир берилди. Бул туурасында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал борбор калаага бульвар куруунун ордуна дагы ушундай багытта турак жай салууну ойлонуп жатканын айтат.

"Бүгүн жети жаранга батир бердим. Алар тоголок жетимдер, эч кимиси жок, майыптыгы бар адамдар. Мен азыр 120 миллион сомго бульвар кургандын ордуна көп кабаттуу муниципалдык үй салсакпы деп ойлонуп жатам. Эми вице-мэрлер менен да кеңешем. Жакында бир чечимге келип сиздерге айтып берем", — деди Түлөбаев.

Шаар башчысы кечээ Бишкектин Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектинин кесилишине чоң бульвар курула турганын айтып, эскизин жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0