Мэрия Бишкектеги мектеп, бала бакчалар качан ачыларын айтты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМектептеги окуу кабинети. Архив
Мектептеги окуу кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептер менен бала бакчалардын ачылышы эпидемиологиялык абалдан көз каранды экенин мэрдин милдетин аткаруучу маалымат жыйында билдирди.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы бардык мектептер жана бала бакчалар 1-февралдан тарта кадимки форматта иштей баштайт. Ал эми 15-январдан баштап айрымдарын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатып айтты.

Мэрдин милдетин аткаруучунун айтымында, баары эпидемиологиялык кырдаалдан көз каранды.

"Эгер ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып калса, анда 15-январдан баштап жогорку класстар мектепке барып-келип окуй башташы ыктымал. Азыр аймактардагы кырдаалды да карап жатабыз. Вице-мэр Айжан Чыныбаева бул маселе боюнча иштеп жатат", — деди Түлөбаев.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги мектептерде 3-чейректен тарта окуу кадимки режимде башталарын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0