"Кыргызстан сулуусу" болгон кыз Садыр Жапаровдун тууганыбы? Уюштуруучунун жообу

© Фото / Азамат Матысаев20 жаштагы Лаззат Нуркожоева
20 жаштагы Лаззат Нуркожоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурса катышууга 150 талапкер ниеттенип, анын ичинен жарым финалга 80 кыз чыккан, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышты.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы ресторандардын биринде кечээ, 29-декабрда, "Кыргызстан сулуусу - 2020" сулуулук сынагы өттү.

Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан.

© Фото / Азамат МатысаевКонкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан
Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан - Sputnik Кыргызстан
1/4
Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан
© Фото / Азамат МатысаевЖыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду
Жыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду
© Фото / Азамат МатысаевБиринчи вице-мисс титулу Алтынай Ботоярова
Биринчи вице-мисс титулу Алтынай Ботоярова - Sputnik Кыргызстан
3/4
Биринчи вице-мисс титулу Алтынай Ботоярова
© Фото / Азамат МатысаевЭкинчи вице-мисс Алина Болотбекова
Экинчи вице-мисс Алина Болотбекова - Sputnik Кыргызстан
4/4
Экинчи вице-мисс Алина Болотбекова
1/4
Конкурстун уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова алгач тандоо туруна 150 талапкер келгенин билдирди. Андан тандалып жарым финалга 80 кыз чыса, ал эми финалда 31 бийкеч ат салышкан
2/4
Жыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду
3/4
Биринчи вице-мисс титулу Алтынай Ботоярова
4/4
Экинчи вице-мисс Алина Болотбекова

Жыйынтыгында 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева сынактын баш байгесине ээ болду. "Биринчи вице-мисс" титулу Алтынай Ботояровага, экинчи вице-мисс Алина Болотбековага буйруган.

"Сынактын жеңүүчүсүнө баш байгеге BMW X5 автоунаасы берилди. Алтынай кийинки жылы "Дүйнө сулуусу" эл аралык конкурсуна өлкө атынан катышат. Алина болсо Египетке эс алууга жолдомо утуп алды", — деди Намазбекова.

Ал арада социалдык тармактарда Лаззат президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууганы Дөөлөтбек Жапаровдун кызы экени талкууга түштү.

© Фото / Азамат МатысаевАл арада социалдык тармактарда Лаззат президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууганы Дөөлөтбек Жапаровдун кызы экени талкууга түштү
Кыргызстан сулуусу болгон кыз Садыр Жапаровдун тууганыбы? Уюштуруучунун жообу - Sputnik Кыргызстан
Ал арада социалдык тармактарда Лаззат президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бир тууганы Дөөлөтбек Жапаровдун кызы экени талкууга түштү
"Лаззаттын президенттикке талапкер менен тууганчылыгы боюнча айтсам, ал ийгиликтүү модель, көп жылдан бери улуттук сулуулук сынактарына катышып келет. 2016-жылы "Бишкектин топ-модели" титулун алган. Былтыркы сынакка катыша албай калган. Быйылкыга пландаган экен. Сынактын кастингдери сентябрда өткөнүн, ал эми өлкөдө саясий окуялар октябрда болгонун белгилеп кетким келет", — деди Намазбекова.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от @nurkozhoeva_

Учурда Лаззат Нуркожоева Кыргыз юридика академиясында үчүнчү курста окуйт. Окуудан сырткары ал таэквондо менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0