Тартип комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Калиеваны жоопко тартуу сунушу түштү

Жазылуу
Сунуштама кечээ, 29-декабрда, жиберилген. Учурда ал материал таанышуу стадиясында турат, качан каралары азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Башкы прокуратуранын Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш ишин козгоо тууралуу сунуштамасы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына келип түштү. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Сунуштама кечээ, 29-декабрда, жиберилген. Учурда ал материал таанышуу стадиясында турат, качан каралары азырынча белгисиз.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоду
Буга чейин УКМК төрагасы маалымат жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жакында кармала турганын айткан. Ал үчүн Башкы прокуратура аркылуу Тартип комиссиясынын макулдугу сураларын белгилеген.

Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтууда.

Өз кезегинде Жогорку сот "Гүлбара Калиеванын аталган ишке тиешеси жок" деген билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0