"Түндүк электр" үч фазалуу система берүүнү токтотту. Себеби жана убактысы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлектр берүү. Архивдик сүрөт
Электр берүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында электр энергиясынын суткалык керектөөсү күн санап өсүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ААКсы 28-декабрдан тарта кийинки жылдын 1-апрелине чейин тиричилик керектөө үчүн үч фазалуу системаны коштурууга техникалык шарттама берүүнү токтотту. Бул тууралуу ишканадан кабарлашты.

Мындай чаралар кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн, ошондой эле калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканы белгиленди.

Директор ОАО Кыргызский энергетический расчетный центр Талайбек Байгазиев - Sputnik Кыргызстан
Адис: бул кышта жарык өчпөйт, бирок кийинки жыл катаал болушу мүмкүн
Ошол эле учурда үч фазалуу система аны буга чейин кошкон абоненттерде кала берет. Ал эми жаңы кардарларга убактылуу жеткиликсиз болот.

Чүй жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында электр энергиясынын суткалык керектөөсү күн санап өсүп жаткандыктан, ишкана декабрдан бери кардарларды жарыкты үнөмдөөгө чакырып жатканын айтты. Бөтөнчө эртең менен жана кечинде сарамжалдуу колдонуу керек.

Бюджеттик уюмдардын арасында да лимиттин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0