Кечээтен бери 189 кишиден COVID аныкталып, бир адам кайтыш болду

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада
Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканаларда 1 165 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 313 адамдын абалы оор болсо, 55 кишинин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 189 кишиден табылып, 290 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 65;
  • Чүй облусу – 63;
  • Ош облусу – 13;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 24;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 8.

Айыккандар:

  • Бишкек – 93;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош облусу – 17;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 23;
  • Баткен облусу – 7;
  • Ош шаары – 8.

Кечээтен бери Бишкекте коронавирустан бир адам каза тапкан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ: COVID-19дун пайда болгонуна бир жыл болду, бирок тоскоолдуктар алдыда
Ушуну менен COVID-19 жуктургандардын саны 80 843кө жетип калды. Анын ичинен 75 624ү айыкса, 1 354 бейтап бул дүйнө менен кош айтышкан.

Учурда ооруканаларда 1 165 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 313 адамдын абалы оор болсо, 55 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча төрт медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен бирөө илдетти кызыл зонадан илештирип алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0