12:27 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Коом
Кыскача шилтеме алуу
15510

Пайдаланууга берилген эки оорукана керектүү медициналык жабдуу жана эмерек менен камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында Өзбекстандын каржылоосу менен контейнерден курулган эки оорукана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

  • Состоялась церемония открытия двух больниц модульной конструкции (из контейнеров) в Бишкеке
    Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында Өзбекстандын каржылоосу менен контейнерден курулган эки оорукана пайдаланууга берилди.
    © Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
  • Состоялась церемония открытия двух больниц модульной конструкции (из контейнеров) в Бишкеке
    Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын аймагына курулган оорукана 176 орунга, Чүй облусунун аймагындагы оорукана 24 орунга ылайыкташкан.
    © Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КР
Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында Өзбекстандын каржылоосу менен контейнерден курулган эки оорукана пайдаланууга берилди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын аймагына курулган оорукана 176 орунга, Чүй облусунун аймагындагы оорукана 24 орунга ылайыкташкан.

"Аталган объектилер бир айга жетпеген аралыкта жеңил конструкциядагы модулдук курулмалар менен тургузулган. Ошондой эле керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Баткендеги ооруканаларга Тез жардам тапшырылган унаалары
© Фото / полпредство правительства КР в Баткенской области
Ооруканаларды ачуу иш-чарасына Өзбекстандын өкмөт башчысынын кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жана КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан. Министр өз сөзүндө пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн коңшу өлкөгө ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосунда контейнерден тургузулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилген болчу.

Тема боюнча

Британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы 5 белгисин аныкташты
Өкмөт: коронавирустун жаңы штаммынын КРге киришине жол бербөө үчүн чара көрүлөт
Муканбетова: коронавирус учурунда IT тармагы тездик менен өстү
Белгилер:
оорукана, ачылыш, азем, жардам, Өзбекстан, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ