Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Адис: бул кышта жарык өчпөйт, бирок кийинки жыл катаал болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ОАО "Кыргызский энергетический расчетный центр" Талайбек Байгазиев
Директор ОАО Кыргызский энергетический расчетный центр Талайбек Байгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетиктер калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырууда. Кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз, келерки жыл дагы кандай болору белгисиз.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бул кышта Кыргызстанда электр жарыгы өчүрүлбөйт, бирок келерки жыл катаал болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКнын башкы директору Талайбек Байгазиев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "КРде электр энергиясын колдонууда лимиттен чыгып кетүү эмнеге алып келет?" аттуу брифингге катышты.

Байгазиевдин айтымында, электр энергиясын колдонуунун көлөмү бардык аймактарда жогорулады.

"Биз калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Келерки жыл кандай болору белгисиз. Суу сактагычка агып келчү дарыялардын башына кар жакшы жаабаса, келерки жылда кыйынчылык жаралат ", — деди ал.

Ошондой эле жетекчи керектүү көлөмдү сактап туруу үчүн электр энергиясын импорттоо керектигин кошумчалады. Учурда КР бир нече миллиард киловатт-саат электр энергиясын топтошу керек. Азыр аз гана көлөмдө импорттолуп жатат.

Белгилей кетсек, "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" электр энергиясын таратуу, жоготууларды аныктоо, энергетика системасындагы балансты кармоо жана дүң рынокту түзүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0