Коронавирус 119 адамдан табылып, 4 адамдын өмүрүн алды. Статистика

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРазвертывание мобильного госпиталя для пациентов с COVID-19 в Симферополе
Развертывание мобильного госпиталя для пациентов с COVID-19 в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен COVID-19 жуктургандардын саны 80 654кө жетти. Анын ичинен 75 334ү ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 353 адам акка моюн сунган.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирус 119 адамдан табылып, 277 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 51;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 10;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 2.

Айыккандар:

  • Бишкек – 59;
  • Ош шаары – 28;
  • Чүй облусу – 64;
  • Ош облусу – 31;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 33;
  • Баткен облусу – 14.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ: COVID-19дун пайда болгонуна бир жыл болду, бирок тоскоолдуктар алдыда
Кечээтен бери коронавирус төрт адамдын өмүрүн алган. Анын үчөө Бишкектен болсо, бирөө Ысык-Көлдө каза тапты.

Ушуну менен COVID-19 жуктургандардын саны 80 654кө жетти. Анын ичинен 75 334ү ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 353 адам акка моюн сунган.

Өткөн суткада Бишкек менен Таласта эки медиктен коронавирус аныкталган. Анын бирөө (Бишкек) илдетти кызыл зонадан илештирип алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0