Жаңы жылда жарыксыз калба! "Түндүк электр" карыздан кутулууну эскертти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПразднование Нового года в Москве
Празднование Нового года в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандар каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөй алышат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясы үчүн карызы барларды убагында төлөөгө чакырды.

Компания жарык берүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн абоненттерди карыздан кутулуп, эсептерди төлөө керектигин эскертти. Ишкана карызы барлардын жарыгы аралыктан өчүрүлөрүн белгилөөдө.

Көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда катуу суук болобу? Январь айына карата аба ырайы
Буга чейин "Түндүк электр" Бишкектеги 1800 абоненттин жарыгы өчүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Жарандар электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн https://se.kg/balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек. Мындан сырткары, абоненттер сall-борборго 1209 номери аркылуу чалып же (0551) 001-209 WhatsApp номерине жаза алышат.

Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0