Кыргызстанда кайсы кесип ээлери тартыш? Инфограмм

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүШахтер жумуш учурунда. Архив
Шахтер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия маалында өлкө аймагында медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги катуу байкалып, Саламаттык сактоо министрлиги айрым адистерди кыска убакытта даярдоого киришкен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги республикадагы тармактарга кайсы кесип ээлери жетишпей жаткандыгын тактап көрдү.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 2200дөй бош жумуш орун бар. Ал сандарды аталган мекеме жеке ишкана жана мамлекеттик органдардын билдирүүлөрүнүн негизинде аныктайт.

Үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айындагы эсептөөлөр боюнча мамлекет медицина, билим берүү, жеңил өнөр жай, тоо-кен, кызмат көрсөтүү тармактары ар кыл адистиктеги жумушчуларга муктаж болуп жатат.

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
900дөй кызмат орду бош! Жергиликтүү бийлик органдарындагы ваканттык орундар
Министрлик COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50 миңден ашык кыргызстандык мигрант өз мекенине кайтып келип, Кыргызстанда жумушсуздук көрсөткүчү жогорулагандыгын кошумчалады.

Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эле 900гө жакын кызмат оруну бош тургандыгын кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0