Бала канча жаштан тарта социалдык тармакка катталса болот. Адистин кеңеши

© AP Photo / Steven SenneТелефон колдонуп жаткан бала. Архив
Телефон колдонуп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог ата-эне баласына интернетти туура колдонуу боюнча үйрөтүшү керектигин айтат. Анткени азыр өспүрүмдөрдү туура эмес жакка сүйрөгүсү келген шылуундар күтпөгөн жактан пайда болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Балага социалдык тармактын мазмунуна жараша 12, 14 же 16 жаштан тарта катталууга уруксат берсе болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине клиникалык психолог Мария Зеленова билдирди.

Адистин айтымында, дал ушул курактардан тарта балдарда кырдаалды анализдөө, жоопкерчилик сыяктуу сапаттар калыптана баштайт.

"Бул курактарда баланын мээси жетишерлик деңгээлде иштеп, маалыматты анализдеп, ар кайсы аракеттин кесепети тууралуу түшүнө баштайт. Башкача айтканда, акырындык менен ак-караны, жаман-жакшыны айырмалап калат. Бирок жашоодо тажрыйбасы аз болгондуктан алданып, туура эмес жакка кетпеши үчүн дагы деле ата-эненин көзөмөлү керек", — деди Зеленова.

Ошондой эле ал ата-эне балага гаджет алып берип, интернетке киргизип коюп эле тим болбой, аны кантип колдонуу керектигин түшүндүрүшү зарыл экенин айтат.

Выпуск книги о воспитании детей Абдыкеримом Муратовым и Киялбеком Акматовым - Sputnik Кыргызстан
"Бала тарбиялоодогу кыргыз керемети" аттуу китеп жарык көрдү
"Балдар үчүн кооптуу контенттер көп. Демек кайсы бир сайтка техникалык жактан чектөө койгондон сырткары, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Аткени азыр өспүрүмдөрдү туура эмес жакка сүйрөгүсү келген шылуундар өтө тажрыйбалуу болуп алышкан, ата-эне күтпөгөн жактан пайда болушу мүмкүн", — деди адис.

Мындан тышкары, психолог баланын социалдык тармакта өткөргөн убактысына дагы көңүл бурууга чакырат. Анткени бир нече саат катары менен "онлайн" болуп туруу баланы реалдуу жашоодон алыстатып ийиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0