Жаңы жылдан тарта WhatsApp айрым смартфондордо иштебей калат

© AFP / JUSTIN SULLIVANWhatsApp тиркемеси. Архив
WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектүү маалыматтарды жоготуп албаш үчүн жазышкан каттардын резервдик копиясын жасап коюу сунушталды.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. WhatsApp мессенджери 2021-жылдын 1-январынан тарта айрым смартфондордо иштебей калат. Бул тууралуу Mirror жазды.

Жанып турган шамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл алдында 1800 абонент жарыксыз калышы ыктымал
Колдонуучулар iOS 9 же Android 4.0.3 операциялык системаларын жаңы жылга чейин жаңылабаса тиркеме иштебей калат. Биринчи кезекте iPhone 4 жана башка мурдагы моделдеги аппараттарга тийиштүү.

iPhone 4S, iPhone 5, iPhone 5S, iPhone 5C, iPhone 6 же iPhone 6S смартфондорунда WhatsApp кайра иштеши үчүн iOS 9 программалык камсыздоосун жаңылоо зарыл.

Мындан сырткары, керектүү маалыматтарды жоготуп албаш үчүн жазышкан каттардын резервдик копиясын жасап коюу сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0