Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов көз жумду

Жазылуу
Жакын санаалаштарынын айтымында, 27-декабрь күнү түштөн кийин журналисттин жүрөгү кармап каза тапкан

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов көз жумду. Маалыматты Sputnik агенттигине анын жакындары тастыктады.

Жакын санаалаштарынын айтымында, 27-декабрь күнү түштөн кийин журналисттин жүрөгү кармап каза тапкан.

Бейшенбек Бекешов 1959-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында туулган.

Бекешов бир нече жыл КТРК, ЭлТР телеканалдарында эмгектенип, азыркы тапта Бишкекте табигый азыктар сатылган "Айыл азыгы" дүкөнүн иштетип жаткан.

Журналисттин сөөгү туулган айылына коюла турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0