Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты

© Фото / Турдалиев ТынчтыкКРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев. Архив
КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты белгилүү ырчы жана обончу, КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жазды. Ал бардык адамзатка тирүүлүк тилеп, ошону менен бирге тээ 25-30 жыл артта калган жарык, жакшы бир дүйнөнү эстеди.

Арыбагыла, менин ардактуу айылдаштарым, мал-жан аман-эсен, оору-сыркоодон сырт турасыздарбы? Кичи мекенге каттап, ара-чолодо көрүшүп, телефон менен сүйлөшүп турганым менен эмнегедир ушул катты жазууну туура көрдүм. Балалыгым өткөн айыл ар дайым сагынтып, дамаамат өзүнө тартып чакырганы чакырган. Баары, баары көз алдымда.

Ак тилектүү балдар, аман болгула! КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин айылга каты

...Чаңын сапырып жылаңайлак чуркаган кең көчө, кашаттан шаркырап аккан көк кашка Бала-Чычкан суусу, мал жайган адырлар, жайкысын эриндерибиз көгөргүчө чабак урган канал... Баары балалык кыялга жетелеп жөнөйт. Негедир биздин балалык башкача өңүттө өткөндөй сезиле берет. Бүгүнкү жазган катымды балалыкта бирге өскөн классташтарыма жолдогум келди.

Айылдын атыр жыттуу абасынан дем алган досторум, кандайсыңар? Бул күндөрү айылдын абасы чын эле алтынга тете экендигин Бишкекте жашап туруп абдан сезип жаткан учурубуз... Эми ал туурасында башка кеп. Үй-бүлө, ден соолук, иштер жакшыбы? Мики, Окей, Нурбек, Укунчик, кандайсыңар? Тыныш классташыбыз быйыл да үйлөнбөй калды окшойт, ээ? Микинин дүкөнүнө чогулуп аткандырсыңар? Баса, Асакеев Максат классташтын кызын турмушка узатыпсыңар, алыс кетпей кайра эле Ази менен Айнура классташыбызга келин болгонун угуп абдан кубандым, тоюна чакыруу келип бара албадым. Бирок шаардагы классташтар бул жерден куттук айтып, куда болуп келген Максат менен Жыпарага сый-урматыбызды жасадык.

© Фото / из личного архива Сыймыка БейшекееваСыймык Бейшекеев атасы Токтогул, апасы Панаш менен
Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Сыймык Бейшекеев атасы Токтогул, апасы Панаш менен

Ар кимибиз тиричилигибиз, чыгармачылыгыбыз, кесибибиз менен алек болуп, тирүүлүктүн түйшүгүн да, кереметин да татып жүрөбүз. Кайдадыр шашабыз, ашыгабыз. Көп учурда бизди ашыктырган, мүнөттү саатка, саатты суткага, аны апта-айларга айландырып чимирилткен мезгилдин агымы менен кете беребиз. Саамга токтой калып, убакытка каяша айтуу көп учурда эске келбейт. Анткен менен күн сайын күч алып, түгөнбөгөн, жай алдырып отургузбаган иштеримдин бардыгын токтотуп коюп, бүгүн түн бир оокумга чейин ушул катты жазып отурдум.

Адамдын өмүрүндө, эстегенде эч убакта кабак чытыбаган, улам алыстаган сайын жарыгы ошончолук чачырап, барк-баасы улам кымбат сезилген бир гана балалык мезгил окшобойбу. Бүгүн мен ошол балалыкка ода айтып, классташтарымды, жеткинчек, өспүрүм кездеги кылыктарымды эстегим келди.

...Кечээ эле боз балдар элек, а бүгүн орто муундун катарын толуктап отурабыз. Эх-ххх... Бала бойдон калгым келет кээде.

...9-класста окуп жүрүп, Рахманалиев Максаттын үйүндөгү Жаңы жыл тосконубуз эске келди. Түшкү саат 12де башталган отуруш эшиктин алдында кар малтап, "Мираж" тобунун ырына бийлегенибиз төрт саатка созулган. Кечке маал төрттөрдөн өткөндө АПАКЕМ келип, мени көк желкеге эки уруп, "азыр сыйыңар менен тарагыла" деп урушкандан кийин отурушубуз аягына чыкканын күлүп эстедим. Отуруш ал кезде биз үчүн майрамдардын майрамы эле.

© Фото / из личного архива Сыймыка БейшекееваКомуз ошондо эле колунан түшпөй, жан жолдош болуп... Сыймык Бейшекеев классташтары менен
Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Комуз ошондо эле колунан түшпөй, жан жолдош болуп... Сыймык Бейшекеев классташтары менен

Арадан эки жыл өткөрүп, мектепти бүтөр жылы 23-февралда Каратаева Назиранын үйүндө жигиттерге сый тамак уюштурулуп, үйдөн зорго уруксат сурап келип, 15 бала "Вермут" деген вино ачып алып, ким биринчи ичет деп отурганыбыз эсиңердеби?.. Андан кийинки кызыкты көр, чоң кылмышкердей эми үйгө кантип барабыз деген суроо башыбызды мыкчыткан. Менимче, бир ууртам ошол шарап жан дүйнөбүзгө чоң алаамат салган. Ошол ирмемдер али эсимде. Мики экөөбүз кошуна болгондуктан үйгө бара жаткан жолдо улам эшигинин алды жарык үй көрсөк светке бетибизди тозобуз. "Бетим кызарган жокпу, оозуман вино жыттанган жокпу" деп улам үйлөп, бири-бирибиздин мазабызды алганбыз. Кудай жалгап, ал түн билинбей тынч өткөн...

Кыргыз республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиевдин айылга каты. Чөнтөктөгү жыландар, эшикке качкан эжелер
Кийин мектепти бүтүп, Бишкекке окууга кетеримде мени узатканыңарды эстедим. Докиндин үйүнө отуруш өткөргөнгө бейиши болгур Байыз чоң апаман уруксат сурап азык-түлүк бөлүштүрдүк. Дасторконду өзүбүз даярдайбыз дедик чурулдап. Бирөөсү нан, бирөө картөшкө, дагы бири күрүч, мага болсо тоок алып келүү жүктөлдү. Уурдасак да таап келебиз деп шерттештик. Тоокту кайдан алмак элем, мен өз үйүбүздөгүлөрдөн көрсөтпөй сурап алууну пландадым. АТАКЕМдин бройлер породасындагы тоокторунун бирин жокко санадым. Ал жарыктыктар өтө семиргенде түнөккө чыга албай, өрүктүн эң ылдыйкы бутагына зорго чыгып, түндү өткөрчү. Кыңылдап ырдап келатам. Ичимден өзүмдү кайраттандырып коём. Жыла басып үйгө жеттим да эки жакты карап, бир тооктун моюнун кайрып капка салдым. Бул кылыгым билинбесин деп тооктун жүндөрүнөн жулуп, өрүктүн түбүнө таштадым да түнгө сиңип кеттим. Тапкычтыгымды карап коюңуз...

Эсимде, ал түнкү отурушубузда эң мыкты, эти көп даамдуу палоо болду. Эртеси ата-энемдин "түндө Момбектин ити бир тоокту көтөрүп кетип, жүнү сапырылып өрүктүн түбүндө калыптыр" деп сүйлөшүп жаткандыгын уктум. Момбек кошунанын байкуш ити ошентип калп жеринен жаманатты болду. А мен отурам жымыйып, сыр алдырбай. Биринчи, анан акыркы уурулугум өз үйүмдөн башталып, ошол жерден бүткөнүнө сүйүнөм азыркыга чейин.

© Фото / из личного архива Сыймыка БейшекееваЖалаң жигиттер. Сыймык Бейшекеев атасы жана бир туугандары менен
Бир ууртам шарап, биз аңдыган жарык. Сыймык Бейшекеевдин айылга каты - Sputnik Кыргызстан
Жалаң жигиттер. Сыймык Бейшекеев атасы жана бир туугандары менен

Ушул катты жазып жатып, бардык эле адамзатка тирүүлүк тиледим, пандемияны эстедим. Боо-боо түшүп, жайында ааламды каптаган илдеттен көп мекендештер өтүп кетти. "Башкысы аманчылык болсун" дейм, ичимден күбүрөнө.

Быйылкы кырдаалга байланыштуу айылдагы классташтар көп кездеше албай калдык. Бирок шаардагылар жолугуп, шерине жеп, ал-жай сурашып жатабыз. Былтыркы жайдагы айыл этегиндеги от жагып, түн жаңырта гитара чертип ырдап, чокко дүмбүл, картөшкө көмүп жегенибиз качанкы өткөн балалыкты кайрып келгендей элес калтырган эле. Ошондой күндөр көп болушун каалап келем. Эмне дейин, менин ардактуу классташтарым, аман-эсен болгула. Кудай буюрса, биз жолукчу күндөр жакын жана арбын. Бөлүшчү жакшылыктарыбыз көп болсун.

Ак тилектүү балдар элек,
Ар кесипти тандаар элек.
Чоң турмушка кадам таштап,
Чоң кишиче караар элек.

Алды жакка шашылганбыз,
Ак гүлдөрдөй ачылганбыз.
Тагдыр берген жолдор менен,
Жылдыз болуп чачылганбыз.

Акын Бактыгүл Чотурова эжеден ушундай саптарды суранып жаздырып, оюмдагыдай "Классташтар" деп аталган текстке обону тез эле жаралды. Балдар, бул баарыбыздын көкүрөктөгү сезимдер болсо керек.

Ак тилектүү балдар-кыздар — классташтарым, аман болгула! Баарыңарды сагындым, сагыныч катка саламымды ороп силерге узаттым. Амандыкта көрүшөлү деп силердин жаман классташ-досуңар, КРдин эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.

20.12.2020

Жаңылыктар түрмөгү
0