Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты

© Фото / Pixabay / StockSnapАял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт
Аял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун көңүл буруусуна муктаж келин кат жазган.

Саламатсыздарбы, "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошумдун айынан кайрылып жатам. Менин көйгөйүм күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге байланыштуу.

Экөөбүз тең эле 35 жаштан ашкан курактабыз. Алгач сүйлөшүп, кыз-жигит катары сүйүшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Он беш жыл болду баш кошконубузга. Төрт балалуу болдук. Турмушубуз деле жакшы. Күйөөм бизнесин түптөдү. Бирок үч жылдан бери арабыз сууп кетти. Ал эми бир төшөктө боло элегибизге жарым жылдай болду. Артынан да аңдып көрдүм. Жаман оюмда көңүлдөш таап алган го деп ойлогом. Эч кандай шек жок. Телефонунда деле андай белгилерди байкай албадым. Өтө таң калычтуу болуп турат. Тапкан акчасын деле үйгө алып келет. Бир гана мага мамилеси суз, көңүлү жок. Кайненеме телефон чалып үйдөгү абалдын четин чыгарсам, кайра мени жаман көргөнсүп койду. "Балама катуу эч нерсе айткан жок белең, ден соолугу жакшыбы?", — деп уулуна сарсанаа болуп, кайра мага ар кайсы суроону берди. Айтканыма да өкүнүп калдым.

Ошондой эле мындай маселелерди биздин коомубуз олуттуу карабаганын байкадым. Тескерисинче, аялдын обу жоктугу катары кабылдайт экен. Жакын адамдарыма айтсам, кээси "кайда бармак эле, сени менен жашайт да" деп коёт. Же обу жоктук катары карашат. Мага көңүл буруу жетишпей жатат. Аял катары ызалуумун. Башка аялзатынан кем сезип, өзүмдөн кемтик издеп башкача боло баштадым. Ушул кайрылуум боюнча психологдон жооп алып бериңиздерчи.

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Үй-бүлөдө бири-бирине мээримдин жетишсиздигин көңүл бурулбай калганда гана байкашат. Бул туура эмес. Жаңы турмуш курганда эле материалдык эмес, моралдык жактан мамилени жөнгө коюп алганда мындай маселе келип чыкпайт. Балким, мен дагы жолдошума жылуулук бере албай жаткандырмын деп өзүңүзгө да суроо берип көрүңүз. Ошондой эле ортодогу мамилени үчүнчү жактан суроо туура эмес деп ойлойм. Эгер сиздер бири-бириңиздерге кайдыгер карасаңыздар, сырткаркы адамдар дагы кайдыгерлик менен жооп берерин белгилегим келет. Андан көрө маселенин себебин жолдошуңуздан сурап, билүүгө аракет кылыңыз. Болбосо психологго барып жекече кайрылыңыз.

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты
Экөөңүздөр 3-4 айдан бери жакындаша элек болсоңуздар, мүмкүн ден соолугунда көйгөйлөр жаралып жаткандыр. Бул жагы да өтө олуттуу маселе.

Артынан аңдып, сүйлөгөнүн, баскан-турганын байкап, телефонун текшере бербеңиз. Ошентип бара-бара ага да көнүп, көзөмөлдөөчүнүн ролун аткарып каласыз. Андан көрө камкор мамиле жасап, жылуу сөзүңүз менен сырдын түйүнүн чечип, көйгөй болсо жөнгө салыңыз. Бирок күйөөңүздү аңдып, сырткаркы адамдарга даттанууну токтотконуңуз дурус. Бул ортодогу мамилени ого бетер солгундатат.

Ал эми өзүңүздө жетишпей жаткан кемчиликтерди да эске алып, келбетиңизди, мамилеңизди караңыз. Эч качан өзүңүздү аялзаты катары басынтпаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0