Кыргызстан менен Өзбекстан автобус каттамын жандантууну пландап жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтобустун жанында турган жүргүнчүлөр. Архив
Автобустун жанында турган жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 пандемиясына байланыштуу тогуз айдан бери эки өлкөнүн ортосунда автобустук каттам иштей элек. Эки өкмөттүн өкүлдөрү бул маселени талкуулашкан.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан жакынкы аралыкта автобус каттамын жандандырууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Инвестиция жана тышкы соода-сатык министрлигине шилтеме берип жазды.

Бул өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков менен коңшу мамлекеттин премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаковдун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болгон.

"Тараптар аба каттамынын жанданышына оң баа берип, ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын ири шаарларынын ортосунда эл аралык автобус каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты", — деп жазган агенттик.

Карантинге байланыштуу эки өлкө март айында жүргүнчүлөрдү ташууну убактылуу токтоткон. Кыргыз-өзбек чек арасындагы мурдагыдай өткөрүү режими 1-сентябрдан баштап калыбына келтирилди, бирок автобус менен каттоого уруксат бериле элек болчу. Ал эми авиабайланыш кадимки тартипте болуп жатканы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0