Окуучулардын кышкы каникулу канча күнгө созулат? Расмий жооп

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар чана тебип жүрүшөт. Архив
Балдар чана тебип жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар 12 күн эс алып, 11-январдан тарта үчүнчү чейрек баштала турганы айтылды. Жаңы жылдан кийин Бишкектеги мектептерде окуу кадимки тартипте улана турганы божомолдонууда.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Мектептерде кышкы каникул 2020-жылдын 30-декабрынан 2021-жылдын 10-январына чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 11-январь күнү үчүнчү чейректин окуусу башталат.

"Мектеп окуучулары 12 күн эс алышат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өлкөдө жана борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, үчүнчү чейректен баштап Бишкектин мектептеринде окуу кадимки тартипте жүрүшү ыктымал. Бул боюнча мэрия жана министрлик билдирген. Азыркы тапта өлкөдө 1 915 мектепте окуу салттуу түрдө уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0