Кармалган "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчиси тууралуу эмне маалым

© Фото / Максат Элебесов"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев. Архив
Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асхат Түлөбердиев 42 жашта. Ал 1978-жылы 20-июлда Бишкек шаарында туулган. 2016-жылы 23-декабрда "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын начальнигинин милдетин аткаруучу болгон.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн, 25-декабрда, УКМК "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Асхат Түлөбердиевди коррупцияга шектүү деп кармады.

Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Асхат Түлөбердиев 42 жашта. Ал 1978-жылы 20-июлда Бишкек шаарында туулган. 2016-жылы 23-декабрда ал "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын начальнигинин милдетин аткаруучу болгон. 2017-жылдын 10-апрелинде аталган ишкананын жетекчиси болуп дайындалган.

Түлөбердиев ушул эле муниципалдык ишканада начальниктин биринчи орун басары, "Бирдиктүү терезе" долбоордук-консультациялык борборунун башчысы да болуп эмгектенген.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түлөбаев: УКМК кармаган "Бишкек башкы архитектуранын" жетекчисин иштен алам
2018-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, Ленин райондук соту жана шаардык сот тарабынан акталып чыккан.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Ренат Түлөбердиев кармалган аткаминердин бир тууган иниси. Буга чейин ал президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Стамбулда консул жана № 1 мамлекеттик резиденциянын жетекчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0