Жер тилке сатам деп таанышын 4 млн. cомго алдап кеткен аял кармалды

Жазылуу
Жабырлануучу 2019-жылдан бери акчасын дагы, убадаланган жер тилкесин дагы ала албай, акыры милицияга кайрылууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда 58 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Ташиевдин тууганымын деп абактагылардан акча талап кылган адам кармалды
Билдирмеге караганда, 12-декабрь күнү Сокулук райондук милициясына Жалал-Абад облусунун 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш адамдар жер тилке сатабыз деп 4 миллион сомдон ашык акчасын алдап кеткенин билдирген.

Жабырлануучу 2019-жылдан бери акчасын дагы, убадаланган жер тилкесин дагы ала албай, акыры милицияга кайрылууга аргасыз болгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 58 жаштагы А.М. аттуу аял кармалып, Жазык кодексинин 98-беренеси ("Конфискациялоодо келтирилген зыяндын ордун толтуруу") боюнча тергөө абагына киргизилген. Азыркы тапта сотко чейинки тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0