Өлүм катталган жок. COVID боюнча жаңы статистика

© AFP / DIMITAR DILKOFFОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус азайып бара жатат. Бирок башка өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдары табылып, кайрадан абалды курчутууда.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 180 кишиден табылса, 307 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 67;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 60;
  • Ош облусу – 14;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 8.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 95;
  • Ош шаары – 40;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 27;
  • Баткен облусу – 20.

Бактыга жараша, өткөн суткада коронавирустан өлүм катталган жок.

Аялдын температурасын текшерип жаткан күзөт кызматкери, Лагос, Нигерия. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун кетчү түрү жок. Африкада вирустун дагы бир жаңы штаммы пайда болду
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 80 025ке жетип, оорудан 74 177 бейтап айыкты. Ал эми каза тапкандардын саны 1 340ка барып калды. Азыркы тапта ооруканаларда 1 358 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 368 бейтаптын абалы оор болсо, 67 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.

Кечээтен бери беш медиктен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 10 ак халатчан дартты жеңип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0