Сузакта жеке менчикке өтүп кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баасы 15 миллион сомдон ашык болгон бала бакча Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун токтому менен жеке колго өтүп кеткен. Сот мурдагы токтомдорду жокко чыгарды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Сузак райондук прокуратурасы 0,74 гектар жер тилкеси менен кошо жеке менчикке берилип кеткен эки кабат бала бакчаны муниципалдык менчикке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 140 орунга ылайыкташкан бала бакча Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун мыйзамсыз токтому менен "Жүзүм-Шарап" акционердик коомуна өтүп кеткен.

"Аталган токтомдун негизинде Ленин айыл өкмөтүнүн кошумча буйругу кабыл алынып, Сузак райондук мамкаттоо башкармалыгы тарабынан жер участогу жеке колго өткөндүгүн күбөлөндүргөн мамлекеттик акты берилген. Бала бакчанын баасы 15 миллион 662 миң сомду түзөрү текшерүүдө аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Соттук процесстердин жыйынтыгы менен менчик болуп кеткенин күбөлөндүргөн бардык чечимдер жокко чыгарылып, бала бакча толугу менен мамлекетке кайтарылганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0